Menu

Батукаев “баяны”, камалат дагы “далайы”

Бөлүшүү:

Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алуулар уланууда. Өткөн аптада кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановду Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июнга чейин абакта калтырды. Ошол эле кезде Жогорку кызматты аркалаган башка да адамдар камалабы жана бул териштирүү экс-президент Алмазбек Атамбаевди да суракка тартууга негизи болобу деген талкуулар жүрүп жаткан кез. Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевге рак диагнозу коюлуп, мыйзамсыз боштондукка чыгып кетиши боюнча козголгон иштин ңегизинде шектүү катары каралууда.

Буга чейин Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдер камакка алынышкан. Бул иштер боюнча ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да сурак берип, ал бул иштерде өзүнүн канчалык күнөөсү бар экенин ачык айтып моюндабагыны менен коомчулукка жем таштады. Суракта кандай жооп берген ким билсин, маалымат каражаттарына берген маектеринде Рысалиев, кримтөбөл Батукаевдин өлүмүнөн коркконун, аны өлтүрүп кетүү коркунучу болгонун, аны коргоп аман алып калуу чоң милдети катары айткандары коомду кызуу талкууга чакырды.

Ал турсун ЖКнын жыйынында айрым депутаттар да таң калып жатышканын билдирсе, депутат Алтынбек Сулайманов Батукаевдин аман калышына кимдерден милдеттенме алгандыгын, ал Кыргызстан үчүн эч ким эмес экендигин, кылмышкер экенин, ал үчүн эч ким жооптуу эместигин кошумчалап, “өлтүрсө өлтүрөт эле да” дегенге чейин барган ачык оюн айткан.

Чындап эле Батукаевдин өмүрүн сактап калуу мамлекеттин канчалык милдети болчу? Батукаев сыяктуу миң деген Кыргызстандык жарандар абак ичинде ар кандай катуу оорууларга чалдыгып атканы жашыруун деле эмес. Мына ушул өңүттө алып караганда бир эле кызыкчылык, акчанын орду көбүрөөк ойногону байкалат. Шамал болбосо, чөп башы кыймылдабаган сыңары коомдо Батукаевдин абактан бошотулушу ошол эле кезде чоң акчаларга байланыштуу экенин айткандар арбын болгон. Ал турсун алган каптаган акчалардын жарымы фальшивый акчалар болуп чыкканы да жазылган. Кыңыр иш кырк жылда билинет болуп, жылдар айланбай абийирсиз иштердин арты, ар кыл багыттагы жетекчилерди желкесинен абакка, суракка түртүүдө. Коом алардын жазаларын берүүнү талап кылышууда.

Кызыгы, бул иштерде аткаруучу айрым майда жетекчиликтердин камакка алынып, каалгып турган жогорку тараптагылардын кың дебей турушуна элдер нааразы. Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши ачылганы белгилүү болду. Туура, алардын кайсыл бир жактарда чоң жоопкерчилиги бар. Бирок, мындай ишке алар болгону аткаруучу, тапшырманы же көрсөтмөнү гана иш жүзүнө ашырганы ачык эле белгилүү да.

Сыягы, тергөөлөр аткаруучу тараптагылардын көрсөтмө билдирүүлөрү менен көп нерсени ачыктоодон баштоону туура көргөн сыяктуу. Майда аткаруучулардын улам ар кыл жагдайлар ачылууда. Азиз Батукаевдин иши боюнча камакка алынган Саламаттык сактоо министрлигинин мурунку жетекчиси Динара Сагинбаева камакка алынгандан көп өтпөй үй камагына чыкты. Мунун негизин тергөө менен иштешүүгө макул болгондуктан үй камагына чыгарылганы менен түшүндүрүштү. Демек, керектүү документтерди берүүгө ал даяр. Болбосо, күнөөсү болсо үй камагына чыгарууга эч ким даап эркин кое бере алмак эмес.

Кезек Рысалиев менен Акунга жетеби?

Азырынча ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеген Зарылбек Рысалиев менен мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун сурак берип жатканы белгилүү. Рысалиев бул окуяга эч кандай тиешеси болбогонун айткан менен ачык эле анын өлүп калышынан коркуп коштоп барганын айтты. Бул мыйзамда канчалык туура экени каралып өз баасын алат. Коомдо Рысалиевдики одоно ката экенин айтып, аны да жоопко тартууну талап кылып жаткандар көптүк кылууда. Рысалиевдин бийликке ыктап, Жээнбековду да айга-күнгө теңеп, анын каршылашы Бабановду өз жеринде жаман аттыга калтыруунун артында да ар кандай амал бар экенин, анан калса мандат алуу үчүн жандалбастаган аракеттер дагы дал ушул Батукаевге байланыштуубу деген ойлор келет. Депутат болсо, ага кол тийбестик каралат эмеспи. Ал эми ошол кездеги кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун бул ишке түздөн-түз катышы бар адам катары экс-президент Алмазбек Атамбаев баш болгон аткаминерлер тууралуу айтып берип жатканын маалымдады. Акун муну менен эле токтоп калбай, бир кездеги досу, кат жазып кабар алган санаалашы Данияр Нарымбаевди да күнөөсү барын айткан. Окуянын жүрүшү баарына эле маалым. Мында жогорку жактагылардан бирин-экин киши болбосо, Акундун, Сагинбаеванын деңгээлинде бул иш ишке ашышы арсар болчу. Тек, Акундун акыйкатчы катары орду, бийликке жакшы көрүнүп ар кимге көрсөтмө берип, өзү кутулуп кетүү амалынын аракетинде болуп жаткан жокпу (?) кеп ушунда. Эгер мындай амалдар бар болсо, анда акыры ачыкталган учуру келсе, ал кезде Акунга аябай эле жаман болот.

Актангандар акча алгандарбы же калганы кызматта жок беле?

Териштирүү иштери майда кызматтан баштап, жогорку чечүүчү кызматтагыларга чейин жетти. Сагинбаеваны айтпаганда да, ал кезде вице-премьер министр Атахановдун абакта болушу деле, негизгилердин бир буту абакты аттады дегендик. Ошол эле кезде, баардык чечүүчү жоопкерчилик кызматта турган Башкы прокуратура, ИИМ башчысы дегендер боюнча азырынча айтыла элек. Анда эмне, бул кызматтагылар иштин жүрүшүн тескеп, өз ойлорун айтышкан эмеспи? Эгер ИИМ бул ишти Жаза аткаруу кызматынын деңгээлинде эле карап, баардык чечүүчү милдеттерди ошол жака өткөрүп берген болсо, Батукаевдин кылмышынан да ИИМдин жоопкерчилик иши жогору каралышы керек болот го. Иштин укуктук жагын тескеген Башкы прокуратура башын салбаса, маалымат албаса алардыкы актанып аткан Акун менен Рысалиевдикинен да мыйзам алдында жогору жоопкерчиликте каралышы зарыл эмеспи. Же бул жерде мыйзамды тебелеп, кимге “үлүштөн” үлкөн “алгандардын” эле жоопкерчилиги каралып жатабы? Мыйзам алдындагы милдет менен жоопкерчиликке келсек, анда аталган эки кызмат дагы жоопкерчилик тартышы керек болот? Ак дейби, көк дейби, алардын да бул иштердин тыянагына өз ойлорун билдиргени шарт эмеспи.

Булак: «Факты.kg»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: