Үстүбүздөгү жылдын 27-майында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтунун директору доктор Абдулазиз Мохамед Аль-Хорр менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар КР ТИМнин Дипломатиялык академиясы менен катардын дипломатиялык институтунун ортосундагы өз кызматташтыктын маселелерин талкуулашты, ошондой эле 2018-жылдын 28-февралында кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумду практикалык ишке ашыруунун жүрүшү боюнча пикир алмашышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ