Menu

Казак бийлигин Шинжаңдагы “лагерден” туугандарын бошотууга көмөктөшүүгө чакырышты

Бөлүшүү:

27-майда Алматыда кайрылмандар казак бийлигинен Шиңжаңдагы “саясий  кайра тарбиялоо лагерлеринен” бошонуп чыккан туугандарын кайтарууга жардам сурашты.

Маалымат жыйынынын уюштуруучусу Кыдырали Оразулынын айтымында, учурда мурда кармалгандардын 90 пайызы бошотулду, бирок алар ар түрдүү себептерден улам Казакстанга келе албай жатышат.

Гүльбану Рахимкызынын билдиришинче, анын күйөөсү Рахман Рахыбайулы “лагерден” бир нече ай мурун бошотулган.

Ал мугалим. Учурда жергиликтүү мектепте кароолчу болуп иштеп жатыптыр. 20-февралда аны издеп бардым. Мени полиция кызматкерлери тосуп алышты, алар бир нече саат гана күйөөм менен сүйлөшүүгө уруксат беришти. Туугандарыбыздын үйүнө бара алган жокпуз. Жергиликтүү мейманканада жолугуштук. Күйөөм эч нерсе айткан жок. “Баары жакшы, үйгө кайт” деп гана тим болду. Казакстанга келип, аны менен кайра байланыша алган жокмун, — деди ал.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кытайдын Шинжаң аймагындагы “саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде” канча казак бар экендиги тууралуу маалыматтарга ээ эмес экенин билдирген.

Казак бийлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы Кытайдан келген 14 324 казак, 2019-жылдын төрт айында 1929 казак Казакстандын жарандыгын алган.

Быйыл январдан апрелге чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлигине Кытайдагы туугандары келе албай жатканына арызданган 343 казак жаранынан арыз келип түшкөн.

БУУнун 2018-жылдагы баяндамасына ылайык, Кытайдын түндүк-батышындагы “антитеррордук борборлорунда” бир миллиондой киши кармалууда, дагы миллиондой адам күч менен “саясий кайра тарбиялоо лагерлерине” жайгаштырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: