Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2019-жылдын 21-25 май күндөрү Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Токтогул райондору жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларына жумушчу сапар жасашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өкүлчүлүктүн ага дипломаттары райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери жана айыл өкмөт башчылары үчүн Кыргыз Республикасынын «Тышкы саясат чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Мамлекеттик протокол жөнүндө» жана «Эл аралык келишимдер жөнүндө» мыйзамдарынын негизги жоболору жөнүндө окуу семинарын өткөрүштү.
Ошондой эле, райондун жетекчилери менен жолугушууда аймактарга чет өлкөлөрдөн инвестиция, туристтерди тартуу, айыл чарба продукциясын экспортто багытында Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгу мекемелеринин потенциалын колдонуу боюнча жергиликтүү бийликтердин Тышкы иштер министрлиги менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маселелер талкууланды. Ушундай эле иш чара 2019-жылдын апрель айында Ош облусунун Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Алай, Өзгөн, Ноокат, Карасуу жана Араван райондорунда
өткөрүлгөн.
Маалымат иретинде: 2019-жылдын март айында Кыргызстандын Чет элдеги мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан чет өлкөлөр менен аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү жана аймактарга инвестиция тартуу тапшырмасы коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ