Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каржы полициясынын башчысы Бакир Таиров менен экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөштү күчтөндүрүү чараларын талкуулады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды.

Жолугушууда ЭКККМК ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн учурдагы жыйынтыктары, ошондой эле жакынкы мезгилдерге артыкчылыктуу пландары талкууланды.

ЭКККМК төрагасы Бакир Таиров өлкөнүн мамлекеттик органдарында  көрүлүп жаткан экономикалык кылмыштарды ачуу жана коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча чаралар тууралуу маалымдады.

Ошондой эле Өкмөт башчыга экономика жана финансы тармактарында кызматтык кылмыштардын алдын алуу, жоюу жана бетин ачуу чаралары тууралуу маалымат берилди.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана тамырын кыркуу боюнча коюлган милдеттерге жетишүү үчүн ЭКККМК, анын аймактык түзүмдүк бөлүктөрү тарабынан бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.

Өкмөт башчы экономикалык жана кызматтык укук бузуулар деңгээлин төмөндөтүү иштерин күчөтүүнү, экономикалык кылмыштарга өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев бажы органдарында коррупцияга каршы аракеттерге, аткезчилик жана көмүскө импорт менен күрөштү күчөтүү чараларына өзгөчө көңүл бурду.

Премьер-министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү маселесин козгоду жана текшерүү процессин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: