Menu

Элдин жонунан кайыш тиле турган дагы бир мыйзам талкууда

Бөлүшүү:

Бир учурда борбор шаардагы унаа токтотмолордон акча алып, кийин жемкорлук күчөп кеткенде тыюу салынган эле. Бул эл үчүн жакшы саамалык болгон. Тилекке каршы, элдин капчыгына қөзүн кызарткан шаар мэри А.Суракматов унаа токтотуучу жайлар үчүн кайрадан акы алганы жатат. Алганда дагы «энесин үч коргондон көрсөтүп», жон терисин шылый чапканы турат. Маселен, бир унаа бир саатка турса 30 сом, андан кийин ар бир саатына кандайдыр бир сумма кошулуп көбөйө берет. Унааңыз бир сутка туруп калса оңбогондой сумма төлөөгө милдеттүүсүз. Муну маданияттуу жемкорлук же чаламайдын чак түшүндө элдин капчыгын кагуу десек аша чаппайбыз. Андан дагы жаманы, эми базарлардын тегерегин гана эмес, бүт көчөлөрдү ишкерлерге сатып, ар бир унааны токтогон жеринен саай баштайт. Чечим кабыл алаарда ойлонбойлубу!..

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: