Menu

Видео – «Түндүк» электрондук системасынын ийгилиги

Бөлүшүү:

Ар бир жылы Эстониянын электрондук башкаруу академиясы электрондук башкаруу тутумун мыкты ишке киргизгендиги үчүн сыйлык тапшырат. Бул абдан кадыр-барктуу сыйлык.

2019-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын “Электрондук өз ара аракеттенүү” мамлекеттик ишканасына «Түндүк» системасын туруктуу ишке киргизгендиги жана электрондук башкарууну өздөштүргөндүгү үчүн Эстониянын электрондук башкаруу академиясы сыйлык ыйгарды.

Сыйлоо аземинде 130 өлкөдөн 500гө жакын делегаттар, ООНдун жана Европалык союздун өкүлдөрү катышышты.

Сыйлоодон кийин башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү келип куттуктап жатышты, тажрыйба менен бөлүшүүнү суранышты, бизди үлгү катары өздөрүнүн өкмөттөрүнө сунуш кыларын айтышты (сиздер түшүнүш үчүн, бул жөнүндө башка мамлекеттердин, Польша жана Швейцариянын өкүлдөрү айтышты).

Жалпысынан алганда, жыл ичинде биз көптөгөн жетишкендиктерге жетише алдык: мамлекеттик органдардын арасында маалыматтарды алмашуу ишке киргизилди: 19 мамлекеттик орган «Түндүк» системасы аркылуу маалымат алмашып жатышат. Эгер ушул жылдын март айында маалымат алмашуу 400 миңге жакын болсо, апрель айында маалымат алмашуу 700 миңге жетти.

Биз бул Кыргызстандын жалпы жеңиши деп эсептейбиз!

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: