Menu

Кыргыз-казак чек арасындагы абалга эмне түрткү болууда?

Бөлүшүү:

Казакстан тараптын чек араны жаап, жолду бууп, бөгөт коймой опузасы биринчи эле жолу болуп жаткан жок. 2010-жылы чек араны айлап жаап койгону дале эсте. Анда “бизге революциянын эпкини өтпөсүн” дедик деген жүйөөнү айтышкан эле.

2017-жылы болсо жүк өткөрбөй үч ай кыйнады. Анда “биз айткан кишини колдобойсуңар” деди көрүнөт. Шайлоодон кийин басылды го десек, ал жаңылыштык болду. Өткөн күздөн баштап маал-маалы менен жүк өткөрбөй, кыргыз тараптын эмне кылаарын баамдап жатышкандай…

Бир жарым ай мурда узагыраак жаап көрүштү. Айласы кеткен кыргыз тарап “ЕАЭБден министрлерибизди чакыртып алабыз” деген талапты айтары менен кайра жүктөрдү коё беришти. Бул “ыкманын” да токмогу жумшак экенин көрүшкөн окшойт. Эми кан буугандай бууп, салмакка шымаланышып, Кыргызстандан чыгам же Кыргызстанга кирем дегенине карабай көзөмөлдү күчөттү.

Билгендерге бул жолку чек арадагы бөгөт саясий чечим эместити айдан ачык. Эң башкысы “кыргыздар аткезчилик (контрабанда) кылып, башка өлкөлөрдөн товар киргизип жатат” деген шылтоо. Кыргыздын интрига издеген саясатчыларына бул майдай жагып, “бажыда контрабанда болуп атат, тиги миллион жеди, бу миллиард жеди” болуп эле жатып калдык. Деги, расмий казактын каалаганы не, түшүнүксүз болууда.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: