Menu

АША коррупцияга каршы жайылган тор кысып келатканын, камаларын сезе баштадыбы?

Бөлүшүү:

– Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүн колдогон КСДПчыларга төрагалык кылуудан баш тартып, муну жаштарга орун бошотуп берүү ишараты жана “Президенттин ишмердүулүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүрдү. Бирок, карапайым калк ичинде АШАнын саясаттагы жолу бүткөнү, элде жийиркенүүдөн башка сезим жаратпай калганын түшүнүп, айла жоктон саясаттан оолактагысы келгени тууралуу пикир басымдуулук кылат. Мурунку президенттин партия төрагалыгынан кеткенин дагы кандайча жоромолдосо болот?

Абдырахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр: “Кызматын өткөрүп бергенден кийин аксакал болуп төрдө тынч отурса болмок”

– Бул киши кызматын өткөрүп бергенден кийин жаны президентти тынч коюп, аксакал болуп эле, төрдө тынч отурса болмок. Жаңы мыйзамдын кабыл алынышына да, өлкөдөгү кырдаалдын чыңалышына да анын кээ бир иш аракеттери себеп болду окшойт. Эми анын оюнда эмне бар экенин, дагы кандай пландары бар экений өздөрү гана билет деп ойлойм.

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Ал ушул кадамга ары карап ыйлап, бери карап күлүп барууга аргасыз болду”

– Бул мыйзам 2010-жылы дароо эле кабыл алынышы керек болчу. Ошол кездеги саясий кырдаалды түшүнүп билгендер айтып чыккан элек! Анткени, 2005-жылдагы Акаевдин жана 2010-жылдагы Бакиевдин президент катары такыр эле чектен чыгып кетишкендиктери ошол эки төңкөрүшкө алып келбедиби? Бирок, Убактылуу өкмөт андай терс феноменди көрүп туруп, карабай койгон. Натыйжада, кийинки президенттин бийликти узурпация кылып алуусуна жол ачып салышты. Көпчүлүк мүчөлөрү ал баскынчылыкка активдүү катышышты. Билип турушуп эле ошондой кылышты. Президент Сооронбай Жээнбековдун бул мыйзамга кол коюп күчүнө киргизгенин колдошубуз керек! Атамбаевде башка арга калбады. Кетпей койсо, өмүр бою кепилдик берилген жыргал жашоосунан айрылмак! Ошондуктан, ал ушул кадамга ары карап ыйлап, бери карап күлүп барууга аргасыз болду! Андан башка ою деле болбосо керек, Анткени, 1 ай мурда эле КСДПнын келечегин өзү менен гана байланыштырып, укмуш саясий пландарды түзүп жана ачык эле жарыялап жатпадыбы беле? Эми бара көрөбүз. Атамбаевдин азыркы тилектештери, партиялаштары кандай кадамдарга барышат. Мен бул КСДПдан дегеле эле эч бир жакшылыктарды көрбөй турам. Алар 10 жылга жакын бийликти каалагандай эле майкандашты. Жыйынтыгы болсо – нөл. Мындан ары алардан жаратмандык ишти күтүүнүн кереги жок! КСДПчылар жалаң гана өч алмай, бийликке ар кандай жол менен кайра келмей жолуна түшүп алышты. Демек, мындан ары саясий конфронтациянын гана булагы боло алышат! Эл мунун баарын түшүнүп турат жана 2020-жылы КСДПга өзүнүн катуу күнөө койгон өкүмүн чыгарат. Мен буга ишенем. Ал эми жаштар саясатка өздөрүнүн эволюциялык жолу менен эле келип калышты. Алдыңкы авангарды бийликке илине башташты. Алардын мындай ийгиликтерине азыркы саясий партиялардын биринин дагы тиешеси жок!

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: “Биз азыр АШАны жаны ачыган жаралуу жырткычка салыштырсак да болот!”

– Өмүр бою саясатка кан жаны менен аралашып келген адам бир заматта, “мен эми кеттим, жакшы калгыла”,- деп кетип калалбайт! АША эми болгон аракетин жасап, өзүнүн саясаттагы бошоп кеткен позициясын аз болсо да калыбына келтирүүгө бүт арекетин жумшайт! Кетимиш болгону менен ал, ичинен, “карап тургула кетпей кегимди, өлбөй өчүмдү алам”,-деп кекенип турган чагы. Биз азыр АШАны жаны ачыган жаралуу жырткычка салыштырсак да болот! Көп жан-жөкөрлөрү сатып кетти, сатпагандары ажонун чечкиндүү кадамдары менен камала баштады! Бул албетте ага абдан катуу сокку! Ал дайыма радикалдык кадамдарга бара тургандыгын айтып өз мезгилинде мурунку бийликтерди коркутуп келген жана ошондой радикалдык кадамдарынын аркасында бийликке келген адам! Ал пейилинен оңою менен кайра тартпайт го!

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу: “АША канчалык аракет кылса да эч нерсе “өнүп чыкпайт”

– “Амалдуудан айла качып кутулбайт” дегендей эле кеп. АШАнын кадыр-баркы толук түштү. Майнап чыкпай турганын сезди, эми канчалык аракет кылса да эч нерсе “өнүп чыкпайт”. Ого бетер татаалдаштырбай, “сыйым менен четте кала берейин”- дегени. Бирок, чындык деген принципке таянсак, ал жасаган иштери үчүн эл алдында жооп берип, жоопкерчиликке тартылуусу керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: