Menu

Айтмаматка эмне сюрприз даярдалып жатат?

Бөлүшүү:

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров Улуттук энергохолдингдин (мындан ары – УЗ) жетекчиси болуп дайындалды. Жашырганда эмне, акыркы кезде УЗ коомчулук тарабынан дамамат сынга алынып келатат. Анын эмне максатта түзүлгөнү, өлкөгө кандай пайдасы бар экени жетекчиликтин илең-салаң ишинен улам билинбей деле калды. А дегинкиси, аны түзөрдө асыл максаттар коюлган болчу, энергетика тармагын бир муштумга бириктирип, өнүктүрүп кетүү идеясы турган. Мурунку жетекчилик бул тапшырманы аткара алган жок.

Айтмамат Назаровду бул кызматка алып келүүнүн өзүндө зирек ой жатат. Себеби, Энергохолдинг десе эле ошол тармактын ичинен адам дайындоо өнөкөтү быт-чыты чыгып, талкаланды. Көрсө, баары эле билерман келишет экен да, талашып, тартышып, жыйынтыгында жылыш болбой жатты. Ал эми кечээки депутат Айтмамат Назаровду бул кызматка эң алды менеджерлик сапатынын мыктылыгын эске алып дайындашты деп айтсак болот. Дүйнө жүзүн караңыз, кайсы тармак ийгиликтүү болсо, анын башында сөзсүз күчтүү менеджерди көрөсүң. Анын үстүнө, Айтмамат мырза бир катар ири ишканаларды башкарып, ийгилик алып келген адам.

Дал ошондуктан, кыргыздын өлбөс, өчпөс көрө албастык сапатын жыйыштырып, ага ийгилик каалашыбыз керек болчу. Бирок, акыркы жылы таптакыр тынч жатпаган, каерден болсо да кыйкым издеп, бийликти жаманатты кылууга каныгып бүткөн экс-президенттин “форумчулары” бул сапар Айтмамат Назаровду, ал аркылуу Ак үйдү жаманатты кылуу максатында масштабдуу кара пиар кампаниясын баштаганы жатканын уктук. Булардын карманган аргументтери эле – “алкомагнатты дайындап” коюшканы,” өлгөнү, куулганы жаткан УЭни ушул адам үчүн тирилтип жатышат” таризинде.

Бир жолу Айтмамат Назаров ЖК жыйынында: “Сыртта туруп алып, жасалып жаткан ишти сындаш оңой. Ишке келип, аны аткарыш өтө кыйын. Ким катуу кыйкырып сындап койсо, ошону кыйын деген туура эмес. Сындаган – бул бир, кызмат жасаган – бул таптакыр башка”- деп айтты эле. Демек, “форумчулар” эртең айдактама маалымат каражаттары аркылуу каратып туруп калп маалымат таратып чыкса, ага таң калыштын деле кереги жок экенин айтып коюу парз.

А.Сатындиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: