Menu

Чолпонкул Арабаев, коомдук ишмер: “Атамбаевге эми кылмыш ишин козгосо болот”

Бөлүшүү:

– Эгемендик алган жылдардан тартып кайсы бир саясий адамдар болобу, төбөсү көрүнүп калган киши болбосун ага кылмыш иши козголсо саясий буюрутма деген илдетти таап алышты. Чынында алардын ишин карап, талдай келгенде коррупциялык схемаларга аралашып калган болот. Айрымдарына гана саясий куугунтук болушу мүмкүн. Бирок, баарын айта албайм. Көпчүлүгү кызматка бараарда элге толтура убадаларды берип, кызматка барып алышкандан кийин жеп-ичип, мамлекетке ири зыян алып келип жатышат. Ошондуктан Атамбаевдин айланасындагы адамдарды саясий куугунтук болуп жатат деген кепке кошула албайм. Анын КСДПдан чыгып лидерликти өткөрүп бериши да аргасыз кадам эле. Башка жолу жок да.

Эмнеге болбосун, азыр мыйзам баарына бирдей болуп калбадыбы. Алмазбек Атамбаевдин мурун кол тийбестик укугу бар болчу. Азыр аны алып таштаган. Атамбаевдин башкаруусундагы алты жылдагы коррупциялык иштерди азыр бийлик ачыкка чыгарууда. Алсак, Батукаевдин иши боюнча бир катар аткаминерлер сурак берип жатышат. Мындан тышкары Дача-СУдагы кандуу жүк боюнча иликтөө иштери башталды. Мындан башка дагы бир катар иштерге кылмыш ишин козгосо болот.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: