– Мыйзамга ылайык айта турган болсок, КСДП партиясынын лидери – Сагынбек Абдрахманов. Партияга да ошол адам ээлик кылат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аталган партияга лидер болуусуна мыйзам жол бербегендиктен партиянын жетекчилигинен кетти. Экинчиден жаңы күчүнө кирген мыйзамга ылайык, президенттин кол тийбестиги алынып салынды. Ошондон улам керт башын ойлоп, аргасыз партиядан кетти деп ойлойм. Камалам деп чочулап жатса да керек. Атамбаевди жакшы тагдыр күтөт деп айта албаймын. Президенттик кызматта турганда кетирген кемчиликтери барган сайын чубалып чыга берет. Алардын баарына жооп берүүгө туура келет. Албетте, бул өтө оор нерсе.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ