Menu

Нарын облусунда жаш балдардын кыска бойлуулугу дээрлик 65 пайызга азайды

Бөлүшүү:

Соңку беш жылда Нарын облусунда беш жашка чейин жаш балдар арасында кыска бойлуулук дээрлик 65 пайызга кыскарды. Мындай жетишкендикке 2014-2018-жылдары жүзөгө ашырылган USАIDдин “SPRING” аттуу долбоорунун салымы зор болду.

Ошентип , бул ийгиликти расмий түрдө жарык көргөн аялдардын жана жаш балдардын абалы боюнча көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө дагы айгинеледи. Бул иликтөө Кыргыз Республикасы боюнча Нарын облусу гана кыска бойлуулук деңгээли жагынан эң төмөн аймактардын бири экендигин биротоло тастыктады. Бойдун өспөй калышы бөбөктөрдүн толук кандуу тамак жебей калганынан улам гана жаралат. Мунун кесепетинен жаш баланын денесинин жана аң-сезиминин өсүшүнө олуттуу жана орду толгус залал дагы келтирилет.

SPRING долбоору АКШнын Өкмөтү тарабынан каржыланып, АКШнын Эл аралык өнүгү боюнча Агенттиги (USАID) аркылуу ишке ашырылган. Анын негизги максаты – энелердин жана жаш балдардын толук кандуу тамактануусун мындан ары жакшыртуу. Долбоор жаш баланын жашоосунун биринчи 1000 күнүнө өзгөчө көңүл бөлгөн. Ал Нарын облусун толугу менен жана Жалал-Абад облусунун айрым аймактарын гана камтыды. Кыска бойлуулукту кыскартуудан тышкары долбоор бир нече башка жетишкендиктерге дагы жеткирди. SPRING долбоору ишке ашырылган бардык аймактарда бир гана эмчек эмизүү аркылуу жаш балдарды багуу 29 пайыздан 63 пайызга өстү. Бул абдан маанилүү, анткени башка тамак аралаштырбай, эмчек гана эмизүү ымыркайларга эң мыкты таасир берет. Эмчек эмген жаш балдар эмчек эмбегендерге караганда азыраак ооруп, ден соолугу дагы дайыма чың болот. Мындан тышкары долбоор ишке ашкан аймактарда тамак-аш түрдүүлүгү дагы өстү. Маселен, аялдар арасында 35 пайыздан 70 пайызга чейин, ал эми жаш балдар арасында 42 пайыздан 54 пайызга жогорулады.

Ошентип, аталган изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча пикирин бөлүшкөн USАIDдин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гэри Линден мындай деди: – USАID жаш курактагы саламаттык адамдын келечекте өз дараметин толугу менен колдонууга өбөлгө жаратат. Ошондуктан, биз бул жааттагы ишти мындан ары дагы улантып, кыргызстандыктардын, айрыкча жаш балдар, боюнда бар аялдар жана жетилген кыздар, толук кандуу жана туура тамактануусуна жол ачууну бекем колдойбуз!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: