Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Эскее салсак, буга чейинки экономика министри Олег Панкратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ