Menu

Ахматбек Келдибеков миллиондогон долларды жеп-жутуп соттолуп чыкты. 10 миллион сом айып пул төлөдү

Бөлүшүү:

Мезгил өткөн сайын адам баласы келечектен кандайдыр бир жакшылык күтөт, турмушум жакшы болсун, баары жетиштүү болсун, ыйманыбыз арбын болсун дейт. Иши кылып эртеңки күндү жалаң жакшылыкка чулганган күн кылып алат.

Азыр болсо, жалпы адамзат улам бир жаман сапатка эгедер болуп жатканы, ошол жаман сапатты өздөрү жасап алып жатканы. Тиленгени жакшылык болгону менен анын тескериси келип жатканы. Көп адамдар, айталы, Европа менен Америкада жашагандар жакшылык менен деле иши жок, ыйман менен деле иши жок болуп, эптеп эле кооз турмушун өткөзүп жатканы… Дегеле ыйман менен иши жок эл толуп кетти… Дагы аз жылдан кийин адамзат өзү курган, өзү түзүп алган турмуштун чакчелекейи чыгып “акыр заман” келери бар болду!

Кыргыз деген эл кылымдар адамдыгы менен ыйманын алдыга салып, ошонун айтканы-дегени менен жашап келген эмеспи. Ыйманы менен чогуу жашаган кыргыздын ошол сапатынан алалы, анан кебибизди уларбыз…

Улууну урматтап, кичүүнү сыйлап турчу, эне менен ата кол тийгис, тил тийгис ыйык болчу, кыз дегенге кырк жерден тыюу болуп, кыздарыбыз тартиптүү болуп, мөлтүрөп турчу да, жигиттерибиз душман тийсе, жайдак атка секирип минип жылаңач төшүн жалаңдаган кылычка тосчу, эл ак көңүл болчу, оозуна салып бараткан бир сындырым нанын сураса, өңгөгө бере салчу, дүнүйөнүн артынан кууп көргөн эмес, ачкөздүк деген түшүнө кирчү эмес… Жок, кыргыздын ыйык сапаттарын айтып түгөтө албайбыз, анткени, бүтүндөй турмушу ыйык сапаттардан турчуда!

Үшкүрүгүбүз таш жара, эмки турмушубуздан айталы, айтпай, жашыра албай калдык. Азыр атасы менен баласы, энеси менен кызы, бир тууган менен бир тууган… соттошуп жатканы, жакын туугандар акча талашып бирин-бири өлтүрүп жатканы, атасы кызын, агасы карындашын… зордуктап жатканы, чоң энеси
небересин сабап өлтүрүп жатканы… туураңан турган турмуш укмуштуудай терс, жаман, оозго алгыс окуялардын тизмегинен туруп калды.

Кылган кылмышка карата кылмышкерди жазалачу мезгил да өтүп кетти. Азыр кылмышкерлер башынан сыланып турат, жаза алымыш этет, кылмышкерди ак шейшепке чулгап, жумасына сууга түшүрүп , курсагын кенедей да ачырбай багып жатабыз. Түз эле атып салчу айбандар ошентип бапестелип багылып жатат. Өлүм жазасын алып салганбыз, ал деген гумандуулукка жатпайт экен, уят экен. Мейли өлтүрө берсин, мейли зордуктай берсин, эчтеке болбойт… Эй, миллиарддаган эли бар Кытай, 300 миллионго чукул эли бар Америка, Иран, Ирак, Египет, Белоруссия дагы толгон мамлекеттерде өлүм жазасы бар. Эмне ошончо элде гумандуулук жокпу?! А балким, ашынган кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу гумандуулуктун өзү болуп жүрбөсүн…

Жалпы элибиз дүнүйө артынан кууп калды, “топуракка гана тоё турган”! мезгил келип берди, кенедей эле мүмкүнчүлүк болсо, эч нерсени карабай жеп-жутуп жиберчү мезгил келди. Жанагы коррупция деген жалпыбызды ныгыра басты, тургус кылып басты! Жегендерди кудай жазалайт деп айтчу элек, азыр антип көп айтпай да калдык, кудай деле жазалаган жери жок!

Бүтүндөй эл дүнүйөнүн артынан түштү. Адамдыкты, ыйманды, уят менен сыйытты… акча алмаштырып калды. Мурда ичип-жеген немелер соттолуп чыкканда уялып, элге кошула албай, а турсун, элдин бетин карай албай калчу эле, эми болсо ошол жеп-ичкич соттолуп келгенден кийин эч нерсе болбогондой эле жүрөт, элдин алдына чыгып акыл айтат. Мындай айбанчылыкты ким көрүптүр?! Аздап мисал келтирели да.

Ахматбек Келдибеков миллиондогон долларды жеп-жутуп соттолуп чыкты. 10 миллион сом айып пул төлөдү. Бул сумма жегенине караганда кыкка турбаган акча. Мына ошол неме уялып жер карап калыш керек эле. Ал анткен жок. Кайра, анын кылыгын айткан Атамбаевди сотко берип турат. Муну “бет тырмарлык” деп коёт! Эми ошол Келдибековуң теледен байма-бай сүйлөп турат, кенедей да бети кызарган жери жок, жеген акчасынан кээ бир иш-чарага берген болот…

Нариман Түлеев дегени да бар. Ал Бакиевдин тушунда аябай көпкөн. Жексур Бакиевди “аталап” калган. Анан ал дагы жеп-жутканы үчүн соттолуп келди. Азыр болсо эч нерсе болбогондой элге акыл айтып жүрбөйбү…

Ушундай да болот экен э, Генпрокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 200 миң доллар пара сурап, 100 миң алып жатканда кармалды. Муну айтканым, э айланайын, Генпрокуратура деген эл бирден бир ишенген укук коргоо органы болуп эсептелет. Анан ошонун чоңдорунун бири кармалып жатпайбы! Кытайда болсо, жогорудагылардын баарын атып салмак!

Ооба, дүйнө элдеринин ичинде кыргыз деген эл эсепке кээде кирсе, кээде кирбейт, эң эле аз элбиз. Жылдардын бир жылдарында же орустун, же кытайдын арасына сиңип кетебиз го?! Оозума таш, бирок, андан качып кутула албай калдык. Азырынча, ыйман издеген болуп, тыбырчылап тургандан башка жолубуз жок…

Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: