Menu

Брюссель шаарында Кыргыз Республикасы жана Европа Биримдиги ортосундагы кезектеги Адам укуктары боюнча диалогу болуп өттү

Бөлүшүү:

2019-жылдын 27-майында Брюссель шаарында Кыргыз Республикасы жана Европа Биримдиги ортосундагы кезектеги Адам укуктары боюнча диалогу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган чогулушка катышкан Кыргыз Республикасынын делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жетектеди, ал эми европалык делегациясын Европалык тышкы байланыштар кызматынын Орто Азия боюнча башкармалыгынын жетекчиси Борис Ярошевич жетектеди.

Тараптар чогулуштун жүрүшүндө Кыргызстанда жана Европа Биримдигиндеги укук коргоо темалары кеңири карашып, КР адам укуктары коргоо боюнча улуттук укук коргоо институттарын бекемдөөсү, сот системасын реформалоо, кыйноолорду алдына алуу, сөз эркиндиги, ММК жана чогулуштар, аялдар укуктары, балдардын укуктарын коргоо, ак ниетүү башкаруу, дискриминация менен күрөшүү, азчылыктардын топторунун укуктары жагындагы маселелерди талкуулашты.

Европа тарабы ЕБнин “Укук үстөмдүгү” программасы боюнча кызматташууну улантуусу боюнча даярдыгын белгилеп, КРнын соттук системасын жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн реформалоодо көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Тараптар, кийинки КР-ЕБ Адам укуктары боюнча Диалогун 2020- жылы Кыргыз Республикасында өткөрүүсү тууралуу макулдашышты. Адам укуктар диалогу – адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү абалды жакшыртууга багытталган жолдорун аныктоого жана адам укуктарынын саясатын, анын өнүктүрүүсү тууралуу бирдиктүү түшүнүктү иштеп чыгуусун камтыйт. Жана ошондой эле ЕБ тарабынан колдоо көрсөтүлө турган кызматташуу программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруусун билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: