Menu

Кашкар Джунушалиев КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Тешкентке учуп кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2019-жылдын 30-майында КМШ өлкөлөрүнүн  ички иштер министрлеринин кеңешинин катардагы отурумуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Ташкент шаарына  барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ташкентте өтө турган кеңешмеге  Азербейжандын, Армениянын, Беларусиянын,  Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикистандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын ИИМдин делегациялары, андан сырткары КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана  кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен  күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун өкүлдөрү катышат.

Катышуучулар көптөгөн маселелерди талкуулашат, анын ичинде – КМШ  өлкөлөрүндөгү кылмыштуулуктун абалы, баңгизаттарды жайылтуу, курал-жарактарды сатуу, терроризм, улуттар аралык кылмыштуу топтор жана экстремизм менен күрөшүү сыяктуу кылмыштуулук менен күрөшүүдө мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруунун жүрүшү. Андан сырткары, кеңешменин мүчөлөрү КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрликтеринин кызматташуусундагы  приоритеттүү маселелери менен кылмыштуулук менен  күрөшүүдө мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат.

Кеңешменин жыйынтыгында ар тараптуу кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан министрликтер арасындагы документтерге кол коюшат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: