Menu

Футболдон Европа Лигасы: «Челси» «Арсеналдын» айласын кетирип, утуп алды

Бөлүшүү:

30-майга оогон түнү Азербайжандын борбору Баку шаарында 2018-2019-жылдардын футбол сезонунун жыйынтыктары боюнча Европа Лигасынын финалдык таймашуулары курч мүнөздө өттү. Бакудагы Олимпиадалык стадиондо Англиянын таанымал командалары «Челси» менен «Арсенал» баш байге үчүн күч сынашты. Биринчи таймда эки команда тең канчалык аракет кылышканы менен эсеп ачылбай 0:0 менен аяктады.

Экинчи таймда “Челси” клубунун оюнчулары чеберчилигин, мыкты даярдыгын көрсөтүп, 16 мүнөттө “Арсеналдын” дарбазасына үч топ киргизип, шаштысын кетирип коюшту. Алгач 49-мүнөттө Оливье Жиру аны көздөй багытталган топту жата калып башы менен сүзүп эсепти ачып, эң кооз голдун ээси болду. Ал эми 60-мүнөттө 11-номердеги чабуулчу Педро айып аянтачысына чукул барып сол бут менен дарбазага таамай багыттап эсепти экиге көбөйттү. Беттешүүнүн 65-мүнөтүндө «Арсеналдын” оюнчусу эрежени одоно бузуп, айып аянтынан чабуулду үзгүлтүккө учуратып, чалып жыкканы үчүн мелдештин башкы калысы италиялык Джанлукка Рокки 11 метрлик айып тобун тебүүгө чечим чыгарды. “Челсинин” чабуулчусу Эден Азар мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок. Эсеп 3:0 болуп “Челси” командасы жеңишин бекемдеп койду. Андан үч мүнөт өтпөй “Арсеналдын” оюнчусу Алекс Ивобинин алыстан таамай тепкен тобун “Челсинин” дарбазачысы тосо алган жок. Оюн эсеби 3:1 болду. Беттешүүнүн 72-мүнөтүндө “Челсинин” чабуулчусу Эден Азар дагы бир ирет чеберчилигин, шамдагайлыгын айгинелеп, ага багытталган топту сол буту менен дарбазага таамай багыттап, командасынын жеңишин бекемдп койду.

Ошентип “Челси” клубу “Арсеналдын” айласын кетирип, 4:1 эсебинде утуп алды. Европа Лигасынын экинчи ирет жеңүүчүсү болгон Лондондун “Челси” командасы 14- августта Европанын Суперкубогу үчүн беттешмекчи. Алардын атаандаштары Чемпиондор Лигасынын баш байге үчүн таймаша турган «Ливерпуль» менен «Тоттенхэм» командаларынын бири болмокчу.

Мелдешти италиялык калыс Джанлукка Роккинин тобу тейледи. Лондондун «Челси» командасы Англиянын чемпионатында үчүнчү орунду ээлеп, Чемпиондор Лигасынын кезектеги оюндарына мурда эле жолун ачкан. Ал эми “Арсенал” клубу Англиянын чемпионатында бешинчи орун менен чектелген. «Арсеналдын” башкы устаты Унаи Эмеринин шакирттери Европа Лигасын утса гана Чемпиондор Лигасына катышууга укук алышмак. Бирок, андай укукка ээ бололбай калышты. Финалда “Челси” жеңишке жетишкендиктен, эми Чемпиондор Лигасына Франция чемпионатынын коло байге ээси «Лион» клубуна жолдомо ыйгарылмак болду.

Орусиялык олигарх Роман Абрамовичтин “Челси” клубу 2013-жылы Европа Лигасынын баш байгесин уткан. 2012-жылы Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болгон. Ал эми “Арсенал” клубу канчалык аракет кылганы менен Европа Лигасын уталбай жүрөт. 2006-жылы гана Чемпиондор лигасынын финалдында ойноп, жеңилүү ызасын тартып калышкан.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: