Menu

Исхак Масалиев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Жаштарды министрликке коюш керек. Бирок, бузулбаган жаштарды”

Бөлүшүү:

– Исхак Абсаматович, Дастан Догоевдин талапкерлиги каралып жатканда сиз ага «мамлекеттик кызматта иш стажы аз экен» деген кине койдуңуз. Сиздин оюңузча, стаж башкы критерий болуш керекпи?

– Стажы 2014-жылдан башталыптыр. Анда да дароо эле МККга орун басарлыкка барып, анан төрага болгон. Менин жеке пикирим боюнча, мамлекеттик кызматка барганда аппараттын ишмердүүлүгүн уюштуруу, өкмөттүн чечимдерин ишке ашыруу, Жогорку Кеңеш менен иштешүү боюнча тажрыйба керек. Сөздүн жакшы маанисинде, бюрократияны билүүгө тийиш. Жаш жигитти министрликке дайындай койсоң, ал эчтеке кыла албайт да. Кыйкырат-кыйкырат, андан кийин өзү да көнө баштайт. Бирөө кой сойсо, бирөө торпок союп келет, дагы бирөөсү башкача бир мамиле кыла коёт…

– Алтынбек Сулайманов сиздин сөзүңүзгө, реплика катары «стажы барларды деле дайындап көрбөдүкпү, алардан эч майнап чыкпады, жылыш болбоду, ошондуктан жаш, «неординарный» личностторду деле коюп көрбөйлүбү» деп айтпадыбы. Буга кандай дейсиз?

– Эми мындай да… Ал депутаттын пикири. Өздөрү тамашалап жаш баланы министрликке көрсөтүшпөдүбү. Туура, жаштарды министрликке коюш керек, бирок бузулбаган жаштарды. Эгер биз системаны өзгөртпөсөк, жаштарды тез эле бузабыз да. Азыр Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында ички ишмердүүлүк боюнча кеңеш, премьер-министрдин алдында болсо координациялык кеңеш бар. Бирок, жыйынтыгы жок. Максат – жөн эле жаштарды коюш эмес да. Эгер ошол жаш жигит башкы адис, же бөлүм башчы болуп бир-эки жыл иштегенде өзү деле «бул жер мен ойлогондой жеңил иш эмес экен» деп түшүнүп калмак. Жаш реформатор деп Сапар Исаковду койдук. Анын аягы эмне болду? Жаштар жесе көбүрөөк жейт экен. Жаштарды ишке койгондогу эң чоң көйгөй – биз аларга 25 миң сом айлык чектеп берсек, алардын оюнда 25 миң доллар турат…

– Бир топ депутаттар «паспорт иши боюнча Догоев да сурак бериптир. Күбө катары гана суралды деп атасыңар. Андай болсо укук коргоо органдары Догоевдин эч кандай күнөөсү да, тиешеси да жок деп айтышсын» деп маселе коюшту. Ошондо туура болот беле?

– Кылмыш иши тергелип бүтмөйүнчө эч бир орган «күнөөлүү» же «күнөөлүү эмес» деп айта албайт. «Премьер-министр айтты» деп ишти токтотуп коюшу мүмкүн, бирок маселе калат. Ошон үчүн мен айттым го, соттон «таза» деп чечим чыкса жакшы болот эле. Тергөөдө токтотулган иш эч качан токтобойт. Саясат өзгөрүп кетсе кайра эле чыгышы мүмкүн. Экинчиден, бир коллегам аны «камалган балдардын күнөөсү жок» деп айттырып, туура эмес кылып койду. «Менин ички ишенимимде алар таза болуш керек. Бирок, тергөө тактайт» десе туура болмок.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: