Menu

Саякатчы “депжепжутарлар”

Бөлүшүү:

ЖоКенин эркелиги чегинен чыккан, эл өкүлдүгүнөн «эл өкүртөрлөргө» айлангандар тууралуу жалпы калкыбызга жар салууга аргасыз болуп отурабыз. Карапайым калкыбыздын жарыбаган маянасынан кармалып, салыкка төлөгөн каражаттары мамлекеттик бюджеттин негизги бөлүгүн түзөрүн баары эле биле бербесе керек. Өчөйгөн өнөр жай ишканалары, курулуш жана соода тармактары, дарманы чектелүү дыйкан чарбалары төлөгөн салыктан түшкөн акчаларды каалагандай калчап, ири суммада жеке өздөрүнүн кызыкчылыгына жумшагандарды анан кантип «депжепжутарлар» деп айта албайбыз? Фактыга кайрылалы.
«Эл өкүртөрлөрдүн», алардын жардамчыларынын маяналары, алкынтып айдаган иномаркалары, ал гана эмес мобилдик телефондоруна салынган бирдиктери тууралуу какшап, тилибиз тешилип бүттү. Соргоктугу чегинен ашкан «депжепжутарларга» булар да аздык кылып, жомоктогу «саякатчы бакага» атаандашканбы, айтор, чет мамлекеттерге «айылдап» барып келиши үчүн бюджеттен 2017-жылы 15,3 миллион сомду бөлдүрүшүп алышып, «милдеттенмени» ашыгы менен аткарууга «социалисттик» мелдешке чыгышкан экен. Натыйжада, алар – «айылдашмак оюнуна» эле 54 ирет катышышып, 18,1 миллионду «а-ап» этип коюшуптур.

«Мелдештин» башкы жеңүүчүсү «депжепжутар» Чыныбай Турсунбеков 12 ирет айылдашмакка катышып, анын ичинен 9 жолу мамлекеттик каражатты пайдаланган.. Ал эми 3 жолкусунда «чакырган тарап» төлөгөн имиш. Ал эми 2 орунга Максат Сабиров 9, 3 орунга татыктуу болгон Б.Сулейманов 8 ирет «саякатына» парламенттин каражаты менен барышса, С.Нышанов 8, ызы-чуулуу депутат Ж.Мусабекова 7 жолу бюджеттик каражат менен баргандыгы белгиленген. «Депжепжутарлардын ичинен дагы бир белгилүү «саякатчысы» К.Иманалиев 6 жолу ЖоКенин эсебинен, 7 ирет «чакыруу» менен эл-жер көрүп, мандаттын даамы «таттуу» экенине ишениптир.

«Манастан Чубак кем бекен» дегендей «эл өкүртөрлөрдүн» атаандаштыгында Р.Казакбаев 5 эле жолу барып, ал эми Болот Шер-Нияз, Д.Төлөнөв, Э.Токтошов, А.Токторов, Е.Строкова, А.Кодуранова, Д.Исаева, Ж.Акаев, К.Жумалиевдер 4 эле жолу чет өлкөлөрдү кыдырып келгенине катуу өкүнүшүп жүрөт имиш.

Буларга караганда депутат А.Касымалиева 6 ирет чет өлкөлөргө барганы менен мамлекеттик казынанын акчасынан пайдаланбаптыр. Ал эми Д.Бекешов 8 жолку саякатынын 7өөсүн чакырган тараптар төлөгөн экен, бул эки депутатка сыйыртмак ыргытканыбыз жүйөөсүз болору шексиз эмеспи. Жогорудагы «депжепжутарлар» ушул экөөнүнөн үлгү алышса болмок…

Премьер-министр – отставкага, парламент таркатылсын!

Өлкөбүздө экономикалык маселелер артка сүрүлүп, ушунчулык жогорку темпте бийлик бутактарында тирешүүлөр жана саясий-шоу оюндары биринчи орунга чыкты. Натыйжада, кайрадан үй бүлөлүк-кландык башкарууга өтүүгө шарт түзүлдү. Айрыкча кыска мөөнөттө Өкмөттүн курамынын тез-тез алмашуусунун сыры улам ачыкка чыга баштады.

Премьер-министр М.Абылгазиев түзгөн Өкмөттүн курамынан 5 министрдин, мамлекеттик ири мекемелердин жетекчилеринин ишенимди актабагандыктан иштеринен бошотулганы тууралуу буйруктар көндүм көрүнүшкө айланды. Өзү түзгөн команданын курамы кыйроого учураганда Өкмөт башчысы кошо отставкага кетишин «талап кылар» ЖоКенин жалтак жана коркок экендиги ачыкка чыкты. Ушул кырдаалда тетирисинче «эл өкүртөрлөр» өкмөттүн иш-аракеттерин канааттандырарлык деп табышы – парламенттин күнкарама абалына чейин төмөн түшкөндүгүн айгинелеп койду көрүнөт.

Аш-тойлорго ат чаап барышкан, сөзүнөн башка иши жок, чала сабаттуу парламенттин таркатылышы жана алар кош колдоп батасын беришкен Өкмөттүн толугу менен отставкага кетирилиши учурдун талабына айланып отурат. Ансыз элдин нааразылыгы күчөй берет да, саясий ызы-чуулар өз апогейинен ашып түшүшү да мүмкүн. Бийликтин ушул эки курамы акыл-эске келип, өздөрүн-өздөрү таркатышса, эл ичинде кадыр-баркын сактап калмак…

Пландык башкаруудан кландык башкарууга!

Көшөгөнүн артында катылган көп сырлар эртеби, кечпи ачыкка чыгары анык. Мурдагы «экстердин» «ээн баштыгы жана ээн ооздугу» элге шардана болгондон кийин эмки бийликке келген ири чиновниктер эсине келип, адилеттүүлүк өз үстөмдүгүн орното баштайт деген үмүт пайда болгон. Тилекке каршы бул ишенимге айрым бийлик ээлери күтүүсүз жерден муздак сууну сепкендей болду. Болгондо да премьер-министр М.Абылгазиевдин үстүнөн чогултулган «досье» жалпы журтка шардана болду.

Буга себепкер адаттагыдай эле «аялдар» маселесинен башталгандыгында. Ири чиновниктер ар дайым өзүнүн байлыгын аялдарына, же алардын бир туугандарына каттатуу адатка айланганы белгилүү эмеспи.

Кыргыз жергесинде «Мегаком» менен бирдикте «КТ Мобайл» байланыш компаниясы түзүлүп жаткандыгы жар салынган. Албетте, буга көпчүлүгүбүз кубанганбыз, бирок бул сүйүнүч көпкө узаган жок. Бул компаниянын директорунун орун басары «Ачык Өкмөт» коомдук бирикмесинин жетектеген Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу болуп чыгат. Кыргызча уруу сүрүштүрө келгенде Премьер-министр М.Абылгазиевдин жубайы Чолпон Абазбекова менен И.Рысалиевдин жубайы Таалайкүл Сабырбекова эже-сиңди болсо, коомдук «Ачык Өкмөт» менен КРнын Өкмөт башчысы бир тууган бажалар болуп калат. Тактап айтканда, бул эки тараптуу «Өкмөттөр» негизинен М.Абылгазиевге таандык деген терс пикирди пайда кылгандыгында. Ал эми «КТ Мобайл» компаниясы да «көмүскөдөгү» премьердин менчигиндеби деген шектенүүнү пайда кылат. Ошол эле учурда М.Абылгазиевдин бир тууганы Азиздин күйөө баласы Урматбек Жакыпбеков «Кыргызпочта» мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары экендигине басым жасалат.

Дагы бир таң каларлык көрүнүш, Финполициянын төрагасынын орун басары (ГС БЕП) Эмилбек Жамгырчиев аскердик наамы капитандыктан шыр эле подполковник наамына «татыктуу» болушунун сыры эмнеде экендигин аны тааныгандар «биле албай» эстери ооп отурушат. Айрыкча 100 баллдык сыноодо Э.Жамгырчиев бар болгону 43 балл алганы менен аскердик наамы да, кызмат орду да «чоң секирик» менен жогорулагандыгына ооздору ачылууда.

Мындай маалыматтарды каза берсек кагаз түтпөчүдөй. Кантсе да кыргызда жек-жаатчылык, тууганчылык күчтүү эмеспи. Туура кыласыңар, «өмүрүңөр күндүк болсо, түштүгүнө жорго мин» принцибин ушинтип бекем кармасаңар. Мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылык жогору болууга тийиш экендигин бийлик ээлери ушинтип далилдеп турасыңар, – дегенден башка татыктуу кеп таба албайбыз. Кайрадан үй бүлөлүк жана кландык башкарууга, алга демекчибиз…

Булак: «13-квартал»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: