Menu

Кыргызча-англисче жомоктор топтому жарык көрдү

Бөлүшүү:

Жаш калемгер Матназаров Марлэндин “Кара-Суудагы койчумандан он эки баян” аталышындагы автордук жомоктор жана чакан аңгемелер жыйнагы кыргыз-англис тилинде жарык көрдү.

Марлэн Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Адвокатура жана юстиция факультетинин 3-курсунун студенти, АКШ Элчилигинин демөөрчүлүгү астындагы эки жылдык English Access Microsholarship Program бүтүрүүчүсү. Анын китеби Лингва Инновациялык Билим берүү Фонду, Жаш Окутуучулар Ассоциациясы жана Фулбрайт окумуштуусу, Канзас мамлекеттик университетинин философия илимдеринин доктору, профессор Жон Махонинин көмөгү менен басылып чыкты. Марлэн Жон Махони менен бирге жомокторун 3 жыл ичинде кыргыз тилинен англис тилине которгон. Автордун айтымында бул китеп англис тилин кыргыз тили аркылуу батыраак үйрөнүүгө жардам берет. Автордун америкалык досу Жондун билдиришинче ал, китепти Amazon жана өзүнүн Канзас мамлекеттик университетинин басмасында электрондук түрдө чыгаруу максатында жүрөт. Ал эми, китептин бет ачары Кант шаарындагы Америка бурчунда English Access Microsholarship Program студенттери менен, андан кийин №71 Тоголок Молдо атындагы балдар интернатында болуп өттү. Алдыда Ош жана Бишкек шаарларындагы Америка
бурчтарында китеп сүйүүчүлөр менен жолугушуу мерчемделүүдө. Марлэндин өзү тууралуу айта турган болсок, ал 1998-жылдын 12-январь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Эркин айылында туулган. Анын алгачкы чыгармачылык жолу 2014-жылы Кыргызстандагы Шайлоо Системаларынын Эл аралык Фонду (IFES) тарабынан мектеп окуучуларына уюштурулган Демократия лагеринен улам башталган. Ал 2015-жылы "Жомок аруулукка оңдомок" аттуу жомоктор жыйнагын, 2016- жылы “Ачкыч” ырлар жыйнагын чыгарган. 2018-жылдын ноябрь айында Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөрүлгөн түрк тилдүү мамлекеттердин жаш акын-жазуучуларынын катышуусундагы “Самарканддагы поэзия кечеси” фестивалына катышып, ырлары Өзбекстандын массалык маалымат каражаттарында жарыяланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: