Menu

Мирлан Жээнчороев, “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “КТ-Мобайлдын айланасында дагы көп нерсе ачыкталат”

Бөлүшүү:

– Мирлан мырза, өкмөткө келген жаңы министрлердин айрымдарына ичи чыкпагандар болуп жатат. Мисалы, айыл чарба министри беш жыл орун басар болуп отурган киши, картошка чырына анын да тиешеси бар да. Башка адамдарды алып келсе болбойт беле, же кадрдык дефицит барбы бизде?

– Кадрдык дефицит болгондугун жана туруктуулук жоктугун акыркы бир жылдагы өкмөт курамындагы тынымсыз алмашуулар далилдейт. 2018-жылдын апрелинен бери өкмөттүн 11 мүчөсү өзгөрдү. Бул туруктуулуктун жоктугу. Экинчиден, классикалык бюрократияда иштеген кадрларды адеп эле алып келип жатабыз. Кыргызстан чакан болгондуктан, бизге мобилдүү, жаңы ыкмалар, жаңы көз караш менен караган кадрлар керек. Жаш болуунун зарылдыгы жок. Экономика министрлигине жакшы адис келбей жатат. Көп жыл өкмөт курамында ар кандай кызматтарды аркалап келген, бирок, бир да демилге көтөрбөгөн адамдар келатат. Бүгүнкү күндө жаңы ыкмалар жоктугунан бюджетте да чоң көйгөй жаралып, акчалар чогулбай калууда. Жаңы шартгарды, экономикалык жаңыча реформаларды жасай турган адамдарды качан алып келебиз? Ушул жагынан өкмөт башчы дагы адашты. Ачыгын айтсам, бул кадрлар менин купулума толгон жок. Бул кишилер иштей алаары көрүнбөй турат.

– «КТ Мобайл» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсүсүз. Комиссиянын жыйыны улам кийинге жылып жатышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. «Көмүскө соодалашуу жүрүп жатабы?» деген сындуу пикирлер бар. Канчалык негиздүү?

– Мен өзүм үчүн жооп берейин. Комиссиянын мүчөсү катары эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Жыйын жылганы техникалык маселеге байланыштуу. Биздин отурум 2-күнү болмок, ал күнү комитет жыйындары болгондуктан, бир да зал бошобой калды. 5-күнгө которулганын төрага жарыя кылды. Ал эми буга чейин аудитордук текшерүүлөр болду. Сурамжылоолорду кагаз түрүндө жиберип, жооптор алынды. Комиссиядан тышкары эксперттик топ иштеп жатат. Алар бат-бат отурум өткөрүп, жыйынтыктарын чыгарып жатышат. 5-күнкү жыйында дагы көп нерсе ачыкталат.

– 24 млн. сомдун дайыны жоктугу айтылып жатат…

-Комиссиянын ичиндеги маалыматтарды төрага өзү жайылтып туруу милдетин алган. Алдын ала айта албайм. Бул жерде көп иш бар экен. Жыйында баары ачыкталат. Орчундууда нерселер бар. Өкмөт, «КТ Мобайл» тарабынан айтылып жаткан маалыматтардын айрымдары жокко чыгып жаткан учурлар дагы бар.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: