Menu

Тажикстан чылымдын баасын көтөрүүнү көздөөдө

Бөлүшүү:

Тажикстан бийлиги бардык үлгүдөгү чылымдардын баасын жогорулатууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Сухроб Вохидов билдирди.

Анын айтымында, чылымдын баасын жогорулатуу – рак жана кургак учук ооруларына чалдыгуу коркунучун кыскартуу үчүн зарыл.

Маалыматтарга караганда, Борбор Азия боюнча эң арзан чылым Тажикстанда сатылат – бир кутусу 3-5 сомони ($0,3-$0,5). Вохидов “Биз жергиликтүү өндүрүштөн чыккан чылымдын бир кутусун 5тен 7 сомониге чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Маселен, Түркмөнстанда эң арзан тамекинин бир кутусу 50 сомони турат”, – деди.

Тажикстан бийлиги 2010-жылы коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган. Демилге аталган өлкөнүн президенти Эмомали Рахмонго таандык болгон. Мыйзамга ылайык, коомдук жайлардан тышкары мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жүз метр жакын аралыкта тамеки тартууга бөгөт коюлган.

2018-жылы чылым акциздери үч эсеге кымбаттаган. Тамеки эле эмес, насвай жана кальяндарга да чектөө киргизилген.

Учурда Тажикстандын 9 миллион калкынын 7 пайызы чылым чегет. Насвай тарткандардын саны алда канча көп.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: