Menu

Атамбаев Жээнбековго эмне деп жалдырады?

Бөлүшүү:

Жакында, экс-президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу сунушун айтып киши жиберген. Президент жолугуудан баш тартып койгон. Андан соң кайра чабарман жөнөтүп, “Мени эл алдында уятка калтырба. Чынында айрым катачылыктарымды убагында байкабай калыпмын. Тегерегиме жалаң жегичтер топтолуп, өңчөй келемиштердин блокадасында жүргөнүмдү эми түшүндүм. ТЭЦ, Тарых музейи жана түндүк-түштүк альтернативдик жолунан уурдалган акчаларга чынында тийешем жок. Сапар Исаков жана анын жегич командасы мени туңгуюкка калтырып кетиптир. Алар мага чын көңүлдөн белек деп акча алып келчү, эч жаман оюм жок алып койчумун. Кой-Ташка салынган үйүм дагы Максим Бакиевдики экенин кийин билдим. Ал үчүн Албек Ибраимовго кол көтөргөнгө чейин бардым. Тургузулган тамдын каражатын дагы алар көтөрүп беришкен. Көрсө мунун баары элден уурдалган акчалар экен. Ири коррупциялык иштерге түз күнөөлүү болбосом дагы, кыйыр жоопкерчилигим бар. Мен келтирилген чыгымдарды көмүскө төлөп берип, өзүм саясаттан кетем. Күнөөлүлөрдү жазалап, мени шерменде кыла көрбө!”-деген маңыздагы кат жиберет.

Угушубузга караганда президент катка дагы жооп бербей, “колуң менен кылганды мойнуң менен тарт!”-деп коюптур.

Бул маалыматты Фарид Ниязов дагы бекемдеп, чын эле жолугушуу суранганын, бирок президент баш тартып койгонун “Азаттык” радиосуна билдирген.

Жолугушу оңунан чыкпай калгандан кийин, Атамбаев партиянын катарынан чыгып, лидерликти тапшырып, өзү жакынкы күндөрү өлкөдөн качып кетүүгө даярданып жатыптыр.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: