Menu

Атамбаев өз өмүрүнө өзү кол салып…

Бөлүшүү:

Экс-ажо Алмазбек Атамбаевдин психикасы жайында эместиги тууралуу көп эле айтылып келет. Мындай маалыматты анын жакын досу болгон Туйгунаалы Абдраимов да айтканын билебиз. Алтургай айрым маалыматтарга караганда АШАнын «психикалык саламаттыгы начар» деген дагы справкасы бар. Өйдө-ылдый опурулуп сүйлөгөнү, кечээки айтканын бүгүн унутуп калып, башкача сүйлөй бергени, эмоциясын кармана албай калганы да муну далилдеп тургансыйт.

Эми анын ушундай оорусу бар экенин далилдеген жаңы жагдайлар ачыкка чыга баштады. Көрсө, Алмазбек Атамбаев жаш кезинде өз өмүрүнө өзү бир нече ирет кол салган тура. Анын мындай аракеттерин ошондо бир нече ирет туугандары токтотуп калышпаганда, эмне болорун бир Кудай гана билмек. Кыязы, ал ошол кезде өз келечегине өзү ишене албай калган окшойт. Анын мындай «жиндеп» кетмей оорусу үй-бүлөсүндөгүлөр үчүн өтө чоң түйшүк жаратып келгенин айттырбай эле түшүнүп турбайлыбы.

Анан дагы Алмазбек Атамбаев аскердик кызмат өтөп, Мекен коргоочулардын катарында болгон эместиги да көп суроолорду жаратууда. Эмнеге ал аскердик кызмат өтөгөн эмес? Анын кандай себеби болгон? Же психикалык жактан жабыркагандыгы үчүн аскерге албай коюшту беле?

Айтор, Алмазбек Атамбаевдин өмүр таржымалында коомчулук биле бербеген көптөгөн сырлар катылып жатканын баамдай баштадык. Кантип өз өмүрүнө өзү кол салып жүргөн адам мамлекетти башкарды? Кантип аскердик кызмат өтөбөгөн адам мамлекет башчысы болуп, башкы кол башчы болду? Суроолор көп. Мына ушул багытта терең журналисттик иликтөө жүргүзүү зарылчылыгы бар сыяктуу. Атамбаевдин бала кезиндеги курбалдаштарынан, айылдаштарынан балким ушул ачуу чындыкты сурап көрүү керектир. Мындай аракет АШАнын артын чукуу эмес, келечек үчүн жакшы. Мындан ары андай өз жанына тоюп жүргөн адамды бийликке алып келип албаш үчүн. Мамлекетти өз жанына тоюп жүргөн, психикасы жакшы эмес адамга башкарткан кандай болорун көрбөдүкпү. Мунун ачык результаты – Дача СУдагы учак кырсыгы, Бишкек ТЭЦи, Тарых музейи, Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу, өз атаандаштарын ачык эле жалаа менен абакка отургузуу сыяктуу кадамдар болду. Эми мындай жаңылыштыкка жол бербеш үчүн А. Атамбаевдин жаш кезиндеги жогорудагы жоруктарын калыс иликтөөгө алуу зарылчылыгы тургансыйт.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: