Menu

Динара Сагинбаева Атахановду, Атаханов Атамбаевди тартат

Бөлүшүү:

Ыйык Орозо айында Кыргызстанда саясат күч алып, кыргыз эли менен аттуу-баштуулар эртең ким камалат экен? – деп күтүп калышты. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда кримтөбөл Азиз Батукаев өлкөдөн кызыл килем менен чыгып кетип, ошол учурда жабылуу аяк жабылуу бойдон калган.

Тилекке каршы жабылган жууркан ачылып, унутта калган Батукаев темасы кайрадан козголуп кылмыш иши жанданып, Батукаев өлүп кала турган диагноз койгон дарыгерлерден баштап, вице-премьер-министрге чейин темир торго тыгылууда.

Белгилей кетсек, КР мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева дагы Батукаевдин артынан барымтага кеткен. Көп өтпөй үй камагына чыкты. Дегенибиз менен айрым бир маалыматтарга таянсак Сагинбаева сурак учурунда өткөн окуянын баарын “сайрап” берип, түрмөгө Шамил Атахановду тарткан. Минтип олтурсак тизменин аягы экс-акыйкатчы Турсунбек Акун айткандай мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге барып токтой тургандыгы айдан-ачык.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: