Кечээ, 29-майда Кыргыз Республикасы менен көп улуттуу Боливия Мамлекетинин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаева жана Көп улуттуу Боливия Мамлекетинин Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Ллорентти Солиз кол коюшту.
Биргелешкен коммюникенин текстинде, тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун уставы жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттердин ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып дипломатиялык мамилелерди орнотушту.
Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземинен кийин, тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУнун линиясы боюнча эл аралык уюмдарга бири-биринин талапкерлерине колдоо көрсөтүү боюнча ниеттерин билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ