Menu

АША элдин убалына калбай, “Батукаевди мына мен чыгаргам, мени камагыла!” десе жигиттик кылып, тарыхта калмак…

Бөлүшүү:

Коркунучтуу кылмышкер Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуп, ага паспорт берип өлкөдөн атайын учак менен чыгаргандар камалып баштады. Бул кылмышка аралашкан чиновниктердин саны көпкө барчудай. Бирок, булардын бары өзүм билемдик кылып чыгарып жибергенине эч ким ишенбейт, алар убагында Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасын аткарганын ачык эле айтып жатышат. Бирок, демейде актанып чыга калган Атамбаев дымы чыкпай отурат. Эгер арты таза болсо, өзүнүн аты аталып жаткандан кийин, “акмын же Равшан Жээнбековго окшош көкмүн” – деп көрүнүп коймок. Атамбаевдин буйругун аткарам деп, көп аттуу-баштуу эле чиновниктердин жүзү карарды. Илгери, жоокерчилик заманда туткунга түшкөн аскерлери үчүн аскер башчы өзүнүн башын садага чаап жиберчү. Атамбаев болсо көптүн убалына калып, башкалардын колу менен чок кармап, эми сүттөн тазамын деп бекинип жатат. Эчкиникиндей жашы калды, мынтип иттик кылбай, “Батукаевди мен чыгарткам, айланайын кыргыз элим кечиргиле. Мына бул бей күнөө бечараларды бошоткула, ордуна мени камагыла!” – десе болмок беле? Албетте болмок, айкөл эл кечирип деле салмак. Тилекке каршы кара жанын сактап, Кой-Ташта жатып алып бузукулук кылып отурат. Атамбаевде уят деле жок экен, адамгерчилик болсо нөл!

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: