Menu

Ойлондурчу маселе бекен?

Бөлүшүү:

Нонсенс. Австралияда төрт түлүк малды вертолет менен көзөмөлгө алат экен десе күлөт чыгарсыңар? Чындыгында эле ошондой. Бул өлкөнүн фермерлери дүйнөнүн жарымын сапаттуу эт азыгы менен камсыз кылат. Ошондуктан жылдан жылга алардын кардарлары көбөйүп, экспортко кеңири жол ачылган. Жашоого жакшы шарт түзгөн мал чарбасын алар көздүн карегиндей сактап, дагы өнүктүрүүгө батыл киришкени үчүн тоодой ийгиликтер жаралууда. Ал эми биздин фермерлердин абалы кандай? Анча алымсындырарлык эмес. Ар бир фермер, элеттик тургун өз алдынча маңдай терин төгүп, тааныш издеп жүрүп кредитке каражат алып мал багууга муктаж. Анан калса алган кредитинин пайызы да асманды чапчыйт. Өлкөгө келген арабдар, башка мамлекеттердин ишкерлери дайыма биздин этибизге шилекейин агызып кетишет. Ортодо жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жок. Анткени алардын талабын аткарууга бизде шарттын жоктугу кендирди кесип келет. Айрым учурда бир, же ашып кетсе эки ирет этти экспортко жөнөтөбүз. Анан эле кайрадан тоскоолдуктар жаралып, келишимдер токтотулуп калат.

Эгерде иштин көзүн билген кадр айыл чарба министри болсо балким шалтурук болгон тармактын бактысы ачылмак. Андай кадрлар деле бар, бирок андай мыкты кадрларды фракциянын лидерлери, өкмөттөгүлөр көз кырынан алыс калтырышканы өкүнүчтүү. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн анда такшалып калган бир кадрды кеп кылып көрөлү. Акылбек Ракаев деген мырзанын азыр толуп-ташып турган убагы. Кантип айыл чарбасын алдыга сүйрөп чыгаруунун айкын жолдорун билет. Далай министрлер менен жакындан иштешип, көзү каныгып бүткөн.

Тилекке каршы андан акылы тайкылар, жөндөмү жоктор тааныш, билиш аркылуу министр болуп калып жатышпайбы? Учурда ал бүткүл дүйнөлүк семинарда Италияда жүрөт. Эгерде биз айткан, жада калса экономиканы чаккан, каруусун элине казык кылып каккан кадрды ичи тардык кылбай, көкүрөгүн “караңгылык” баскан фракция лидерлери ниетин буруп сунуш кылышса Акылбек ак эмгегин асыл максаттарды ишке ашырууга чегермек. Болгону өз алдынча иш жасоого мүмкүнчүлүк беришсе чуңкурда өксүп жаткан тармак үстүгө атылып чыгар эле. Бүгүнкү күндө калкка ушундай чыгаан уулдар жетишпей жатканы ырас. Тилекке каршы мындай көзгө басар кадрларды тандоого бийликтегилердин көңүлү жок. Ошондуктан ишти чала бүтүргөндөр, сүйрөлмө министрлер түйүнчөгүн бир жылга жетпей түйүп кетип жатышпайбы…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: