Menu

УЕФА Чемпиондор Лигасы: “Ливерпуль” жана “Тоттенхэм” финалда беттешет

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан 2-июнга оогон түнү Испаниянын Мадрид шаарында 2018-2019-жылдардын футбол сезонунун жыйынтыктары боюнча УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалдык таймашуулары өтөт. Мадрид шаарынын айтылуу «Ванда Метрополитано» стадиондо Англиянын таанымал командалары «Ливерпуль» менен «Тоттенхэм» баш байге үчүн күч сынашат. Беттешүү бишкек убактысы боюнча саат 01:00 башталат. Мелдешти словениялык калыс Дамир Скоминин тобу тейлейт. Баш байгени уткан командага алтын медаль, Кубоктон сырткары Европанын Суперкубогунун финалына катышууга жолдомо да ыйгарылат.

«Ливерпуль» менен «Тоттенхэм» клубдары 2018-2019-жылкы сезондогу Англиянын чемпионатында эки ирет беттешип, Лондондогу таймашта белгилүү устат Юрген Клооптун шакирттери «Ливерпуль» 2:1 эсебинде утса, кийинки Ливерпулдагы беттешүү 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

«Ливерпуль» УЕФА чемпиондор Лигасын беш жолу уткан тажрыйбалуу команда. Бирок 2004-2005-жылдын жыйынтыктары боюнча Стамбулда “Милан” клубунан жеңилип калган.

Ал эми «Тоттенхэм» клубу үчүн быйыл финалга чыгышы жакшы көрсөткүч. Алар 1962-жылы гана жарым фингалга чыгышкан. 2011-жылы чейрек финалга чейин жеткен. Ошондой эле Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү 14-августта Европанын Суперкубогу үчүн беттешмекчи. Алардын атаандашы жакында эле “Арсеналды” утуп, Европа Лигасынын чемпиону болгон Лондондун “Челси” командасы болмокчу. Мындан сырткары Чемпиондор Лигасын уткан команда футбол клубдарынын дүйнө чемпионатына жолдомо алат.

Ошентип, кыргызстандык футбол күйөрмандары үчүн дагы бир уйкусуз түн алдыда турат. Сиз кайсы команда жеңишке жетет деп ойлойсуз? “Ливерпулбу?” же “Тоттенхэмби?” Кана сиз кайсы командага күйөрмансыз?

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: