Menu

150 млн сом салыкты жашырган “Акнеттин” директору кармалды

Бөлүшүү:

Ушул жумада «Акнет» ишканасынын ишин иликтөөнүн алкагында «Акнет» ЖЧКнын президенти А.К., «Строй сеть» ЖЧКнын башкы директору Б.Е. жана «Строй сеть» ЖЧКнын бухгалтери Л.И. кармалышты.

27-мартта Башкы прокуратуранын токтому менен «Акнет» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Р. Абдумажитованын арызы боюнча «Акнет» ЖЧКсынын кызмат адамдарына карата козголгон 5 кылмыш ишин иликтөө ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген болчу.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын ичинде «Акнет» ЖЧКсына абоненттик төлөм катары 1000 000 000 сомдон ашык акча каражаты түшүп, бирок «Акнет» ЖЧКсы 2017- жылдын жыйынтыгы менен таза киреше катары 195 млн сом көрсөтүп, калганын чыгашаларга кетирген. 2018- жылдын жыйынтыгы менен абаненттик төлөмдөн 1,2 млрд сомдон ашык акча каражаты түшкөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө «Акнет» ЖЧКсы тарабынан салык мыйзамын аткарып жаткандыгына текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада ишкананын кызмат адамдары чыгашаларды негизсиз көбөйткөнү жана салыкка жалпы суммасы 150 млн сом карызы бар экендиги такталган.

Ошол эле учурда «Акнет» ЖЧКсы менен иштешкен жасалма 11 фирма аныкталган.

2016-жылдын июнь айынан баштап 2018-жылга чейин «Акнет» ЖЧКсы жасалма фирмалардын бири «Строй сеть» ЖЧКсына кызмат көрсөтүшкөндүгү үчүн 101 млн сомдон ашык акча каражаты берилип, ал накталай алынып жана кызмат көрсөтүшкөндүгү үчүн деп эсептен чыгарышкан, бирок документалдык түрдө тастыкталган эмес.

2016-жылдын жана 2018-жылдын үч айы үчүн «Акнет» ЖЧКсы менен «Строй сеть» ЖЧКнын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, «Акнет» ЖЧКсынан 14 176 173 сомдук акча каражатын мыйзамсыз эсептен чыгарган факты аныкталган.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: