Menu

Кыргыз-өзбек чек арасында аскерлерге баш ийбеген өзбек жараны жараат алды

Бөлүшүү:

Кыргыз-өзбек чек арасында, Ош облусунун Араван районуна караштуу Тогуз-Булак айылында бүгүн 31-майда курал колдонулган окуя болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин баштапкы маалыматына караганда, кыргызстандык аскерлер чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автомашинасын байкашкан. Аларды токтотуу аракетинен майнап чыкпай, асманга ок чыгарышкан.

Ага да болбой айдай беришкендиктен кыргыз аскерлери машинанын дөңгөлөгүнө атууга мажбур болушкан.

Натыйжада бир өзбек жараны жараат алып, ал Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилди.

Окуяга байланыштуу эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, жеринен иликтөөгө өкүлдөрдү жөнөтмөй болушту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: