Чиркин, адам болгондон кийин «пендечилик» деген болбой койбойт да. Канчалаган кадыры, арттырган аброю туруп бир иш үчүн болгон сый-урматтан кол жууш жаман экенин пенде убагында сезсе кана? Ырас, кезинде мамлекет үчүн айым башы менен бир топ олуттуу маселелер жаатында эмгек жасады. Бирок бир иш менен бүтүндөй карьерасына көө жаап албадыбы. Сөз экс-депутат, мурунку Башкы прокурор Аида Салянова жөнүндө жүрүп жатат. Маселен, Аида Салянова депутат кезинде, азыр деле кайсы маселе болбосун өз пикирин билдирип, өз көз карашын айтып келет. Айрыкча Атамбаевди соккон пикирлери байма-бай айтат. Бирок баягы Азиз Батукаев боюнча сөз козголсо эле унчукпай, балыктын образында олтуруп бергени бир топ күмөндүү ойлорду жаратпай койбойт. Демек, бүгүнкү күндө бүйүр кызытып турган Батукаев маселеси боюнча жакында Салянованын дагы бет пардасы сыйрылабы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ