Түркмөнстандын Лебап облусунун Саят районунда күч түзүм кызматкерлери Түркияда иштеп жүргөн мигранттардын туугандарынын үйлөрүн кыдырып, телефондору менен сим-карталарын текшерип жатышат.
«Полиция менен Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, Түркияда жүргөн туугандары эмне менен алектене турганын сурап жатышат. Мындан тышкары «байланышка чыгып жатабы? Канча акча жөнөтөт?» деген суроолорду берип, текшерүү үчүн деп телефондору менен сим-карталарын 5-10 күнгө алып кетип жатышат», — деп билдирди булак.
Анын айтымында, Саят районунда укук коргоо кызматкерлери айрым тургундардын телефондору менен сим-карталарын алып кеткенине 15 күндөн ашса дагы, кайтарып берише элек.
Эл аралык укук коргоо уюмдары жарандарынын эркиндигин чектегендиги үчүн Түркмөнстанды байма-бай сындап келишет.
Былтыр мартта Дашөгүз облусунда полиция кызматкерлери текшерүү үчүн деп бюджетте иштеген адамдардын, анын ичинде мугалимдердин телефондорун жапырт чогултуп алышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ