Menu

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: “Атамбаев менен саясатта чогуу болууга тандем түзүлгөн жок”

Бөлүшүү:

– Равшан мырза, мурунку бийлик учурунда жарандык коом бийликке карата сын пикир айта албай, жалтактап калган болчу. Бул бийлик жарандык коомдун активдешине кандай шарт жарата алды?

— Бул бийлик тизгинди колго алганда, журналисттер коркпой калышкан жарандык коом эркин иштей башташкан, мурунку президенттин командасына кирбеген мен сыяктуу саясатчыларда жакшы сезимдер пайда болгон. Сөз эркиндиги менен чогулуш эркиндигинде алдыга жылыш байкалган. Акыркы 4-5 окуядан кийин бул багыттагы абал кескин начарлады. Мисалы, КГБнын реформасы тууралуу уюштурулган талкууда УКМКнын жетегинде турган адамдардын келип провокация уюштурганы, кыйноолорго каршы эл аралык уюмдар жыйналыш өткөрүп жатса, жалган патриоттор кирип алып, жыйналышын өткөрбөй бут тосуп, шылдыңдап жаман сөздөрдү айтканын азыркы бийлик чогулуш өткөрүү эркиндигине бут тосуп, басмырлап баштады дегенге далил боло алат. Муну Европа уюмдары дагы байкап жатат. Башта бул багыт боюнча Кыргызстан бир топ жылыштарды жасады деген болсо, акыркы Европалык кеңеште Кыргызстанда тандалма коррупциялык күрөш жүрүп жатат деген пикир айтылды. Бийлик колунан келишинче саясатын өзгөрткөнгө аракет кылышы керек. Бул бийликтин сөз эркиндигине, чогулуш эркиндигине жасаган мамилеси эл аралык кадыр-баркын бир топ көтөргөн. Азыр андай эмес.

– Сооронбай Жээнбеков Нур-Султандагы ЕАЭБ жыйынында бажыга үч тараптуу көзөмөл коюуну сунуштады. Мындай пикири “Биздин бажыда гана кемчиликтер жок эмес, силерге деле көзөмөл койсок бири-бирибизден шек санабайбыз” деген эле сөз болдубу?

– Демократиялык саясатчы катарында мындай маселеде авторитардык стиль менен иштегендердин колунан эч нерсе келбейт деп айтам. Бажы тармагында бир эле бизди күнөөлөгөн адилетсиз болуп калат. Бул тармакта Казакстан, Россия жыргап кеткен жок. Биздин президент сунуштагандай үч кабаттуу текшерүүнү коё турган болсо, мурунку төлөнүп жаткан “отметка” 3 эсе жогорулайт. Россиянын, Казакстандын өкүлдөрү дагы аябай коррупциялашкандар болуп эсептелет. Биздин бажыдан шарттуу түрдө 100 сом жей турган болсо, казак менен орустардыкынан 1000 сом жейт. Ошондуктан, алардын бизге койгон күнөөлөрү суу кечпеген, адилетсиз болуп эсептелет.

– Сиз мурунку президент менен жолугушуп, пикир алышып жүргөн саясатчысыз. Ал киши менен саясатта чогуу болууга тандем түздүңүзбү?

– Жок, биз тандем түздүк, шайлоого чогуу барабыз деп эч кандай жарыя кылган эмеспиз. Андай сөз дагы болгон жок. Эгемендүү багытта саясатчылар же партиялар болобу, баардыгыбыз колубуздан келишинче кыска же узак идеяларды жылдырганга кызматташканга даяр болушубуз керек. Бул дүйнөлүк саясат. Азыр мурунку президент бийликте эмес. Мамлекетти жаңы президент башкарып жатканына бир жарым жылдай болду. Мурунку президент жаман иштерди кылганын далилдеп, аларды жакшы нукка буруп койгонго толугу менен жеткиликтүү убактысы бар. Кеткен президентти сындай бергенден көрө жаңы президентти жакшы нукка бурганга аракет кылып, жаңы нерселерди жасашын талап кылышыбыз керек.

– Атамбаев бийликте турганда түзгөн системасын катуу сындап келдиңиз эле. Бүгүн экс-президент башкаруу системаны сындап жатат. Атамбаев өзү түзгөн системасын толугу менен кайрадан орнотом деген аракетине макулсузбу?

– Ага толугу менен каршымын. Эгер шарттуу түрдө Атамбаевдин партиясы кайрадан бийликке келип калып өзү түзгөн системаны калтыра турган болсо алар менен дагы күрөшөм. Мага адам маанилүү эмес. Система менен күрөш жүргүзүү маанилүү. Сооронбай Жээнбековдун дарегине жаман сөз айта элекмин, айтпайм дагы. Бирок, Сооронбай Жээнбеков мамлекеттеги эң маанилүү саясий чечим кабыл алчу адам болгон соң, андан реформа жүргүзүүнү талап кылабыз.

– Бийликти узурпация кылган, коррупциялык иштердин башында турган деп Атамбаевди күнөөлүү деп табышса, аны коргоп чыгасызбы же айыптоого макул болосузбу?

– Коррупциялык схемада, бийликти узурпациялоонун башында бир эле адам турган деп айтуу туура эмес. Мындай системаны 30 жылдан бери баарыбыз түзүп келатабыз. Айрыкча президенттер. Алардын кызыкчылыгы күчтүү болот. Адилетсиз, коррупциялашкан системаны сындырып, демократиялык түзүлүштү орнотууга жалпы коом аракет кылсак жеңиш болот. Эгерде, Атамбаевге коррупцияга байланышкан деген күнөө коюлса, бийлик анын күнөөсүн так, бекем далилдер менен тактай алса, баарыбыз ага баш ийишибиз керек. Эптеп-септеп чампалаган иш болсо каршы чыгабыз. Көрүнүктүү саясатчыларды күнөөлөрү так далилденбей соттосо туура эмес болуп калат. Буга Текебаевдин ишин айтсак болот. Саясатчылардын убакыт өткөндөн кийин акталып алганга мүмкүнчүлүгү бар. Эгер түз далилдер менен соттолсо алар дагы акталып чыга албайт. Мындан тышкары, соттук институттардын баардыгы коррупциялашкан, адискөйлүк жок, президенттин гана айтканын кылат деген аң-сезим өлкөнүн ичинде дагы, тышында дагы сиңип калган. Укук коргоо органдары Атамбаевге иштеген мамлекеттик кызматчыны адилеттүү иликтеп, адилеттүү күнөөлөп, сот чечимин чыгара алабы?-деген суроо берилсе, менин жообум жок деген болот. Кечээ Европалык кеңеши Кыргызстанда тилекке каршы тандалма, саясатташкан коррупция менен күрөш жүрүп жатат деген маалыматын таратты.

– Атамбаев өзү түзүп кеткен системанын курмандыгы болду деген жыйынтыкка келип жатасызбы?

– Дал ошондой. Президенттер мамлекеттин башына келгенден кийин сот, укук коргоо институттарын жеке кызыкчылыкка пайдалана берем десе өтө жаңылышат. Акаев, Бакиев, Атамбаев дагы ошентип ойлошкон. Бирок, кызматтан кеткендин эртеси эле, өздөрү түзгөн соттук-укуктук система аларды сатып, каршы кылмыш иштерин ачып, жакындарын, туугандарын, пикирлештерин куугунтукка алышты.

– Бишкек ЖЭБ боюнча коррупцияга айыпталып камалып жаткан адамдарга саясий куугунтук болуп жатат деп айтасызбы?

– Коррупция менен тандалма, саясий максатта күрөшпөйт. Баардык адамдар менен бирдей мамиледе, ачык айкын күрөш жүрөт. Куугунтук, камоо мурунку президенттин адамдарына гана боло турган болсо, дүйнөлүк практикада, саясатта, юридикалык түшүнүктө дагы тандалма күрөш деп айтат.

– Сапар Исаков, Айбек Калыев, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев азыркы президентке оппонент болчу саясий фигуралар эмес да?

– Туура, азыр аларды азыркы президентке саясий оппонент болчу фигуралар деп айта албайм. Бирок, ар кимисинин өз ордулары бар. Алар камалбаса, кайсыл бир убакыт өткөндөн кийин саясий фигура болуп калышы мүмкүн болчу. Ошондуктан, жеке дарегине сын айтып, кемсинтким келбейт. Тандалма күрөш деп айтылып жатканынын себеби, камалгандар учурдагы президенттин оппоненти болуп жаткан Атамбаевдин учурунда иштеп, ага жакын адамдар болууда. Козголгон кылмыш иштер кыйыр же түз түрүндө мурунку президентке тийиштүү болуп калууда.

– Козголуп жаткан кылмыш иштер кыйыр же түз түрүндө Атамбаевге багытталып жатса, баары ачык далилденсе мурунку президент сот жообуна тартылганы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш болуп, юридикалык жактан эч ким талаша албаса керек?

– Баары ачык түрдө далилденсе, Атамбаев сөзсүз сот жообуна талтылышы керек. Ал үчүн бекем фактылар керек. Жасалма экени сезилип, соттук процесс жабык өтүп, чечим кабыл алынса, саясатташкан иш экенинин далили болот.

– Экс-президенттин күнөөсүн сиз айткандай ачык, айкын иликтеп, бекем далилдер менен тастыктап камай алса, мамлекеттин башында турган адамдар дагы мыйзамсыз иштерге барса, ушул тагдыр күтөт деген ишаарат менен Жээнбеков упай топтой алабы?

– Кыргыз саясатында жазылбаган өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Маселен, Жээнбеков үчүн Атамбаевди камоо өтө оор иш. Тышкы, ички факторлорду дагы эстен чыгарбаш керек. Жээнбеков үчүн Чүйдүн жигити болгон Атамбаевди камоо опурталдуу. Муну баарыбыз эле түшүнөбүз.

– Түндүк-түштүк болуп бөлүнүү факторубу?

– Ооба, түндүк-түштүк фактору коомдо курч маселе болуп эсептелет. Камаган күндө дагы аягы кандай бүтөрү дагы ойлонтпой койбойт. Экинчи фактор, биздеги орустардын ролу дагы бар. Кремлдин орду биз үчүн маанилүү факторлордун бири болуп саналат. Үчүнчү фактор, өзүн президент кылып алып келүүгө чоң салым кошкон адамды камап коюу оор иш. Ушундай көзгө көрүнбөгөн факторлорду аттап өтө алса, Атамбаевди камай алат.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: