Menu

Бүгүн, 31-майдын түнү – Кадыр түн

Бөлүшүү:

Кыргызстан мусулмандар дин башкармачылыгынын билдирүүсүнө караганда, быйылкы орозо айынын 26сынан 27сине караган Кадыр түнү 31-майдан 1-июнга караган түнгө туш келет. Андыктан, ар бир мусулман пендесинин кармаган орозолору кабыл болуп, Аллах Тааладан ар бир пендеге сооптор жазылсын!

Кадыр түн Мухаммед пайгамбарыбыздын (ага салам жана салаваттар болсун!) айтканына караганда, Кадыр түн орозо айынын акыркы он күндүгүнүн түндөрүнүн ичинде катылган. Ошондуктан, орозо айынын жыйырманчы түнүнөн баштап, отузунчу түнүнө чейин Кадыр түндү тоссо болот. А эгер адамдар андай иритте Кадыр түндү тосо албай турган болсо, түндүн ар бир жуп эмес, так түнүндө тоссо болот. Эгер аны да тосууга мүмкүндүк болбосо, Кадыр түн орозо айынын жыйырма алтынчы түнүнөн жыйырма жетинчи түнүнө караган түнү тосулат. Ал эми «Кадыр түн» деп аталып калган себеби, Аллах Тааланын Курани Каримде айтканы боюнча, Ыйык Куран асмандан ушул түнү алгачкы ирет түшө баштаган. Ошондуктан, Курани Карим түшкөн түн өтө Ыйык жана 1000 (миң) айдан да артык түн катары, Кадыр түн болуп саналып калган экен. Ал эми аалымдардын айтуусунда, андагы 1000 (миң) ай деген азыркы биздин эсеп менен айтканда 83 жылга барабар. Эгер мусулман пендесине Кадыр түн туш келип тосуп алса, ага 83 жыл бою ибадат кылганга барабар сооптор жазылат.

Кадыр түнгө туш келиши кыйын бирок аракет кылып, Кадыр түндү калтырбай тосуу абзел. Себеби, Кадыр түн түнү жакшы дубалар кайтарымсыз кабыл алынат. Эмне тилек кылса, кандай жакшылыктарды ниет
кылса, рамазан айындагы сооптор эселеп-эселеп жазылат. Ошондуктан, ар бир мусулман Кадыр түндү тосконго аракет кылышы керек. Кадыр түн тоскон үчүн Кадыр түн тосуп дуба кылган ар бир пенденин тагдыры жакшы жакка оойт. Кадыр түндүн ыйыктыгы ушу. Аалымдардын айтымында Кадыр түндүн белгилери: ошол мезгилде теребел абдан тынч, бейпил болуп, аба-ырайы да жакшы болот, пенделердин жакшы жактарын жазыш үчүн периштелер жаңа эң улуу Жебирейил периште да Аллахтын уруксаты менен жерге түшүшөт. Ушул белгилер аркылуу Кадыр түндүн касиети аалымдарга, дин адамдарына сезилиши мүмкүн, бирок жөнөкөй адамдарга анчалык сезилбей деле калышы да толук мүмкүн. Ошондуктан, дубалар түз жетиши үчүн Кадыр тун тосууга аракет кылуу зарыл.

Махабат Тилекова

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: