Menu

Видео – Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Алмаз Атамбаев эми чоң саясаттан биротоло кетти, ал экс-президент статусун тандады”

Бөлүшүү:

“Буга чейин Атамбаев тарап бийликке басым жасоого бир топ аракеттерди кылып жатышты. Себеби анда экс-президент тууралу мыйзамга кошумчалар киргизиле элек болчу. Ошондуктан экс-президент Алмаз Атамбаев чоң саясатка аралашам деп “балп” эттирип сүйлөп турганын байкачубуз”, – деп билдирди бүгүн, 31-майда саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров.
“Жакында президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент тууралу мыйзамга кол койду. Ошондон баштап өлкөдө саясый абал турукташа баштады. Анткени эми экс-президент саясатка аралашса ал экс-президент деген статусунан ажырайт. Менимче бул мыкты, ойлонулган мыйзам болду. Себеби, Атамбаев кызматтан кеткенден бери эле мен саясатка кайра келем деп, КСДПнын башына туруп алып, коомчулукту дүрбөтүп жаткан. Бийлик менен тирешип баштаган. Ошентип олтуруп, КСДП партиясын да үчкө бөлүп алды. КСДП фракциясы өзүнчө, Атамбаевсиз КСДП жана КСДП Атамбаев менен деп бөлүнүштү. Эми жаңы мыйзам кабыл алынары менен Атамбаев чоң саясаттан биротоло кетти… Алмаз Атамбаев КСДПдагы өзүнүн ордун жаштарга бербей, пенсионерлерге берип кетти”, – деди Табылды Акеров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: