Menu

Видео – Мурат Муканбетов: “Иманкадыр Рысалиев менин кабинетимде “КТ Мобайл” боюнча эч кандай кеңешме өткөргөн эмес”

Бөлүшүү:

“Мурат Картайбекович, сиз жооп берсеңиз, сиздин кабинетте премьердин бажасы Иманкадыр Рысалиев өткөргөн чогулуштар болду беле? Ким өткөрдү эле? Ким катышты эле? Эмне маселелер талкууланды эле?” – деп сурады бүгүн 31-майда депутат Мирлан Жээнчороев парламентте өткөн “КТ Мобайл” компаниясынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын отурумунда ушул чуунун негизинде кызматтан алынган КР Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин мурунку орун басары Мурат Муканбетовдон.
“Мен Иманкадыр Рысалиев менен ал киши “Ачык өкмөт” секретариатынын башчысы катары кызматташып баштаганбыз… Ушул маселелер боюнча Иманкадыр Рысалиев менин кабинетиме келип жүргөн. Кээде ал кабинетте калып айрым маселелерди талкуулашчу. Ошол мезгилде ал мырза Жамангулов кабинетиме кирип, таанышып, сүйлөшкөн. Мен эч качан, эч кимди кабинетке “КТ Мобайл” боюнча чакырган жокмун. Жыйналыш өткөн жок, кеңешме өткөн жок. Булар жөн эле жолугуп, пикир алмашып, олтурган учурлар болгон. Кеңешме болгондо мен өзүм өткөрмөкмүн, протокол түзмөкмүн, тапшырмаларды бермекмин. Мен эч кимди “КТ Мобайл” боюнча кабинетиме чакырган эмесмин, маалымат сурабагам, тапшырма бербегем”, – деп жооп берди Мурат Муканбетов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: