Menu

КР Президентинин колдоосу менен «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» балдар фестивалы өтөт

Бөлүшүү:

Эртең, 1-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында «Роза Отунбаеванын демилгелери» Фонду жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» балдар фестивалы өтөт.

Иш-чарага КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, КР экс-президенти Роза Отунбаева жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо катышат.

Адамдык капитал өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө негизги өзөк катары цивилизациянын өнүгүшүндө алдыңкы фактор болуп эсептелет. Балдардын өнүгүүсүнө кичине чагынан баштап инвестициялоо натыйжалуу болуп, биздин өлкөнүн өнүгүүсүнүн өбөлгөсүн түзөт.

Кыргызстандын балдары абдан чоң потенциалга ээ, алар ар дайым ар кандай спорттук мелдештер, турнирлер, эл аралык деңгээлде мектеп сабактары боюнча олимпиадаларда жеңишке жетүүдө. Жаш кыргызстандыктар өлкөнүн намысын татыктуу коргоп жатышат.

Жаш таланттар: жаныбарлар дүйнөсүнүн таануучусу Албан-Али Алим уулу, кичинекей бийчилер Нурпери жана Айпери Тургуналиевалар, жаш каратист Нурмухаммад Ташмаматов Россиянын Биринчи каналынын миллиондогон көрүүчүлөрүнүн жана кыргызстандыктардын сүймөнчүгүнө айланышты.

Фестивалдын негизги максаты — балдарга болгон инвестиция менен өлкөнү өнүктүрүүдөгү инвестициялардын түз байланышын жана балдардын ата-энелеринин киреше деңгээлине жана жашоо аймактарына карабастан өнүгүү мүмкүнчүлүгүнүн кенендигин көрсөтүү.

Эл аралык балдар күнүнө карата чемпион-балдар жана «жылдыз”-балдар «тең-теңине» принциби боюнча оор турмуштук абалда калган  балдарга мастер-класс өткөрүшөт жана өнөрлөрүн көрсөтүп беришет.

Жетим жана аз камсыздалган үй-бүлөдөгү балдар шахмат боюнча Азия чемпиону Айжан Съездбековадан шахмат оюнун үйрөнүп, кызыктуу химиялык тажрыйбаларды жүргүзүп, Рубиктин кубигин ылдамдыкка чогултуп, вальс бийлегенди үйрөнүп, жаш таэквондисттерден коргонуунун биринчи сабагын алып, эбру — сууда сүрөт тартуу маданияты менен тааныша алышат жана башка көптөгөн нерселер менен алектенишет.

«Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» балдар фестивалы К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар  китепканасында саат 11:00дө башталат.

2019-жыл 31-май

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: