Menu

Ташкентте Кыргызстан жана Россиянын ИИМ жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-май күнү Ташкент шаарында КМШ катышуучу-өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин катардагы отурумунан кийин «Хаят» мейманканасынын “Бухара” жолгушуулар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев менен Россия Федерациясынын ички иштер министри полициянын генерал-полковниги Владимиром Колокольцев менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Эки мамлекеттин ички иштер министрлери уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз бангизат жүгүртүүгө каршы туруу, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин
жетекчиси Кашкар Джунушалиев эки тараптын ортосундагы көп багыттуу байланыштарды арттыруу аракеттерин баса белгиледи. Азыркы жолугушуу эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшүүнө түрткү болоорун баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев россиялык кесиптештерине ыкчам кызматкерлерди даярдоо
багытында бериличүү квота боюнча маселелерди талкуу боюнча сунушун
берди. Өз кезегинде Россия Федерациясынын ички иштер министри Владимир
Колокольцев  укук коргоо багытында кадрларды даярдоо маселеси боюнча
кыргыз кесиптештерин сунуштарын эске алып, аны чечүүго убада берди.
Жолугушуунун соңунда эки тараптуу кызматташууну жана мамилелерди жогорку
денгээлде жүргүзүү керек экендиги жана эки өлкөнүн Ички иштер
органдарынын мамилесин мындан да жогорку сапаттуу денгээлге жеткирүү
жана  ошондой эле өнүгүүгө багытталган бардык иш чаралар ийгиликтүү боло
тургандыгы да баса белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: