Menu

Бурул Кушбек, жарандык активист: “Менин жакын эле досум айтат, “капа болбо, бирок түштүктөн президент болбойт экен” деп”

Бөлүшүү:

Бүгүн кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга түшүп жаткан актуалдуу маселелер боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу, ар бир коомдук-саясый окуяларга карата өзүнүн жарандык позициясын билдирип турган активист айым Бурул Кушбектин Facebook социалдык тармагындагы баракчасында ачык жарыялаган жаңы постун сунуш кылабыз:

“Мен аларды жактаган жерим жок, бирок бир аз эле ойлонуп көрсөк – эмне үчүн ошончо жылдан бери келе жаткан Раим миллион жөнүндө именно азыркы убакта, акыркы убакта, калп айтпасам бир жылдай болдубу ызы чуу болуп жатып калды??? Кимдин кызыкчылыгы бар мында? Кимге пайдалуу азыркы убакта дестабилизацияга жол берүү? Эмне үчүн ал киши ошончолук эле ууру жегич болсо ошол тапта эле иш козгоп, камап салган эмес?

Капа болбогула, бирок региональный маселени козгоп, ичи тар саясатчы айрымдардын чырагына май тамып колдорун ушалап, ырас болду мааниде турушкандай! Менин жакын эле досум айтат, “капа болбо, бирок түштүктөн президент болбойт экен” дейт, байкаган адамга катуу сөз айтты, “беспардонный” сөз айтты, мен да Өз оюму айтып, экс менен салыштырсам макул болот, бирок ичинде ар Ким эле Өз оюнда калат эмеспи. Ушиптип жакын деген достор бөлүнүп олтурсак, ал эми саясатчыларга сөз да жок да. Региональный маселе мынчалык көтөрүлүп туу чокусуна жеткен эмес, “любыми способами” эле шыпырып түшмөй. 

“Азаттыктын” берүүсү менен Байсаловдун берүүсүн эмне үчүн салыштырып, тактап алышпайт? “Азаттыктын” берүүсүндөгү фактыларды дыккат текшерип, тез арада чара көрүлүүсүн талап кылалы, эгерде куру доомат болгон болсо Али Токтакуновду “Азаттыгы” менен мыйзам алдында жооп берүүсүн талап кылалы, Кыргызстанда ошондо гана акыйкаттык орнойт. 

Мени бизнесмендер калп айттырбайт, чет мамлекетке акча которуу маселеси Али айтып чыккандай, эл түшүнгөндөй эле женил эмес, банктар андай рискти өзүнө ала алышпайт, которгон акчаңдын “цель назначения”, “законность” деп баарын тактап, кол коюп бересин, анан да анчалык чоң сумманы эч убакта бир эки перевод менен жибере албайсын. Ал акча оффшорный зонага кетпесе, Россия Федерациясы акча которууларды катуу көзөмөлгө алгандан бери “тёмный” иш жасагысы келгендер көбөйгөндөй ошол эле орусиядан келип, бирок байкашымча бирөөсүнүн да иши оңунан чыкканын укпадым, себеби банктык катуу көзөмөл. Менин оюм боюнча азыр лодканы раскачать кылганга өтө кызыкдар күчтөр бар, алардын максаты дайын эле да. Матраимовдордо да бардыр балким, бирөөнүн күнөөсүн мойнума алгым келбейт, бирок көбүртүп жабырткан жактары да ошончолук көп экенин аңдап байкаган адамга дайын эле да….”
Бурул Кушбек

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: