Menu

АКШга виза алуу эрежелери катаалдашты

Бөлүшүү:

АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык виза алуунун жаңы шарттарын иштеп чыкты.

Ага ылайык, эми АКШга виза алууну каалагандар социалдык түйүндөрдөгү аккаунттары тууралуу маалыматтарды көрсөтүп, акыркы беш жылдагы телефон номурларын айтышы керек болот.

Мекеме мындай чараны өлкөгө киргиси келген «террорчуларды жана башка кооптуу адамдарды аныктоо» зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Мамдепартаменттен билдиришкендей, виза алыш үчүн кайрылган адам социалдык түйүндөрдө баракчалары жок экенин билдире алат, бирок текшерүүнүн жыйынтыгында маалыматы жалган экени аныкталса, анын «кесепети оор болот».

Буга чейин социалдык түйүндөрдөгү аккаунттар террорчу топтор иш жүргүзгөн аймакка барган адамдардан гана талап кылынып келген. Мындан ары дипломаттар менен расмий делегациялардан башка бардык адамдар бул жаңы эрежени аткарууга милдеттүү болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: