Menu

Видео – Айданбек Акматов, саясат талдоочу: “Матраимов тууралу “Азаттыктын” иликтөөсүнүн артында Атамбаев турушу мүмкүн”

Бөлүшүү:

-“Азаттыктын” “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсү Атамбаевдин буйрутмасы менен жасалды деген шектенүүлөр күч алды. Сиз буга кандай комментарий берет элеңиз?

-Бизде банктык купуя жашыруун сыр деген бар. Ошол себептен банктан мындай маалыматтар оңой менен чыкпайт. Андай банктан чыккан маалыматтар кимдин колунда болушу мүмкүн? Ошол банктардын өзүндө, анан атайын кызматтарда жана ошол атайын кызматтар маалыматтар менен камсыздаган жогорку бийлик адамдарында болушу мүмкүн. Сиз сурагандай “кызыкдар тарап ким?” десек Атамбаев болуп чыгышы мүмкүн. Анын жанында жүргөн мурдагы атайын кызматтардын кызматкерлери бар. Акыркы кездерде бул маалыматтарды чыгаруу менен Райым Матраимовго сокку уруу аркылуу азыркы жогорку бийликке – Жээнбековго сокку урууну көздөп жатат. Негизги бута – Матраимов аркылуу Жээнбековду согуш керек. Ушул өңүттөн алганда, саясый жагынан бул кимге пайдалуу десек, ошол мурунку бийликтин адамдарына, мүмкүн азыркы кезде дагы чоң бир саясый кампаниянын алдында турганда, аябай бир чоң кландардын ортосундагы кармаштын бир учкундары, ошонун бир натыйжалары десек да болот. Негизинен иликтөөлөр жакшы, керек нерсе, бирок, мындай чийки нерселер жалпы бир пропагандага окшоп калган да. Мисалы, “700 млн доллар которулду” дегенде эл ызы-чуу түшүп калып жатпайбы. Бул катардагы адамдарга эбегейсиз чоң акча сезилиши мүмкүн. Бирок, териштирип көрө турган болсок, бизнести билгендер үчүн, биздин Кытай менен бир жылдык соода жүгүртүүбүз 7 млрд долларга жетип калган. Демек 7 млрд доллар тигил же бул жакка өтүп турган. Бул бир эле Кытай мамлекети менен. Андай биз менен соода алакасын түзгөн мамлекеттер көп да. Бул деген бизнес, биз бизнеске колдоо көрсөтүшүбүз керек. Ал эми накталай акчалар боюнча да көптөгөн суроолор пайда болду. Анткени бизде “челнок” бизнеси башталганда накталай акча ташып, соода кылуу бул кадимки көрүнүш болуп калган. Бул ишкерлерге ыңгайлуу болгон…”, – деди Айданбек Акматов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: