Menu

“Кокуйлаган” Кодуранованын айтканында канчалык деңгээлде чындык бар?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты, Атамбаев тараптагы КСДП партиясынын жетекчиси Асел Кодуранова 28-майда «Азаттык» радиосунун «Эки-бир» телеберүүсүнө конок болуп, экс-президентти ай-күнгө теңеп актаганга, бүгүнкү бийликти жерге киргизе тепкилеп жек көрсөткөнгө далалаттаныптыр. Чай ташыган кызматы үчүн адегенде депутат, андан кийин вице-спикер болгон айымдын аша чапкан айрым сөздөрүн таразага салалы дедик.

А.Кодуранова сөзунүн башында эле Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу коркунучта болуп жатканын, физикалык жактан жок кылуу мүмкунчүлүгү бардыгын, ага чейин «прослушка» табылганын, анын баары видеого түшүрүлгөнүн билдирди.

Бул билдируүнү экс-президенттин тарапташтары атайын таратып, элдин көңүлүн өздөрүнө буруу, саясий упай топтоо максатында айтып жатканын байкасак болот. Ал эми иш жүзүндө экс-ажо мамлекеттин кайтаруусунда турат. УКМК тарабынан жан сакчы берилген.

А.Кодуранова мыйзамга өзгөртүү киргизилгенин, ал жактагы пункттарга ылайык Атамбаев партия лидерлигин өткөрүп бергенин, өзү убактылуу милдетин аткарып жатканын, курултайда төраганы бекитерин билдирди. Президенттин кепилдиктери боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу А.Атамбаев КСДПнын лидерлигинен кеткенге аргасыз болду. Бул саясаттан кетти дегенге барабар. Албетте, сырттан башкарганга аракеттениши мүмкүн, бирок ал оң жыйынтык бербейт. Президентти сырттан башкарам деген ишиндей ирип кетет.

А.Кодуранова Атамбаев 93-жылдан бери партиянын төрагасы болуп келгенин, партияны жөндөн-жөн берип койбостугун, анын уставы, күбөлүгү, мөөрү турганын, нормалар боюнча Конституциялык сот карарын билдирди. Партиянын талашы бир топко барышы мүмкун. Чыр барган сайын күчөй берсе шайлоого да катыша албай калышы ыктымал. Негизи, эми чырдашкан тараптар ынтымакка келсе болот. Себеби, Атамбаев кетти. Бөлүнгөн тараптар «Атамбаевсиз КСДП» деген ураан көтөргөн, ал талап аткарылды.

А.Кодуранова фракция пассивдүү болуп жатканын, партиянын абалын анализдеп, келечекте мындай болбошко аракет жасарын, шайлоого катышарын, бирок канча депутат өтөрүнө күмөн санарын билдирди. КСДП өз бийиктигине жетип, ким экенин тастыктады. Элдин көңүлү үч көчкөн журттай калды. Эмки шайлоодо фракциядагы салмактуу саясатчылардын бири да КСДПга басып келбейт. Самандай кылып акчасын сапырса да элдин шайлашы чындап күмөн. Соцдем 10 жылдын ичинде өзүнө өзү көр казып алды десек болот.

А.Кодуранова Атамбаев айкөл киши экенин, ошонусун көбү пайдаланып кеткенин, ал президент болуп турганда аны менен жеке көрүшүүгө, кирүүгө аракет кылып чуркап жүргөндөр азыр башка жээкке өтүп кеткенин, Атамбаев өзү да кадрдан жаңылдым дегенин билдирди. Саясатта жакшы же жаман киши деп бааланбайт, мамлекет үчүн жасаган иши менен таразаланат. Шоопурун, чай ташыгычын, жан сакчысын, жардамчысын алып келип өлкөнүн кадырын кемитип, карызга батырды. Эми ошондой адамды айкөл деп акташтын өзү туурабы?

А.Кодуранова Атамбаев көп нерсени жасаганын, энергетикалык көз карандысыздыкка жеткиргенин, С.Жээнбеков 2 жыл аракет кылса да азыр токтоп калганын, бирдеме салалы десе акча жок, артка кетип жатканын билдирди. Энергетикалык көз карандысыздыкты чоң көлөмдө алынган кредит ишке ашырды. Анын дагы ашыкча сарпталышы жакында чукулуп чыгат. 2 жылдан бери иш жүрүп, мектептер салынып жатат. Эгер артка кеткендигибиз чын болсо, анда ал алты жыл башкарган Атамбаевдин үзүрү. Жээнбеков жасаган иштин жемиши эми келет. Шалдыратып таштаган экономиканы калыбына келтирүү бир нече жылды алат.

А.Кодуранова ЖЭБ боюнча конкреттүү күнөө кое албай жатышканын, акча алган болсо берген киши ким экени далилсиз калганын билдирди. Шашылыштын кажети жок, сот эми гана башталды, айыптар коюлуп жатат. 387 миллион доллар кредит алынганы, бир аттиштин баасы 600 долларга бааланганы тастыкталган. Өлкөнүн мойнуна миллиарддаган карыз илингени аайын эксперттик топ ЖЭБдеги жемкорлукта 111 миллион доллар уурдалганын аныктап чыккан. Булар өз баа алыш керек. Жегендер кусушу зарыл.

А.Кодуранова: «Эки киши (экс жана азыркы президент) бир сөзгө келишсе болот эле, ортодо биз дагы кыйналып кеттик. Экөөнүн ортосунда эмне болгонун биз деле билбейбиз, экөөнү сүйлөштүрүүгө аракет кылдык. Мадеминов менен кирип чыкканбыз, жолугуп сүйлөшкүлө деп, ал жактан бизге жооп келген жок. Сооронбай Шарипович мейли жолугайын деген мага, бирок болгон жок. Пресс-катчысы болбойт деп айтты, ошону менен үмүтүбүздү үздүк» дептир. Аргасы кеткендеги кайпактаган ойду билдириптир. Президент бекем туруп эми элдешпеши керек.

А.Кодуранова А.Атамбаев президент болуп турганда орус президенти В.Путинге кримтөбөл Азиз Батукаевди алып келүү боюнча бир нече жолу кайрылганын, «кайра бергиле, бизди алдап кетиптир» деп кат жазганын, жеке сүйлөшүп атканда дагы айтылганын, Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине Атамбаевдин тиешеси жоктугун билдириптир. Эми бул түштөн кийинки актануу да. Эгер тиешеси жок болсо эмне себептен дароо чара көрүп, өлкөдөн чыгаргандарды мамлекет башчысы катары жазалаган эмес. Тескерисинче калкалап отурбады беле.

А.Кодуранова учурда кадрдык коллапс болуп жатканын, Атамбаевдин убагында башталган жумуштар токтоп калганын, жылдын башынан бери бир да чакырым жол салынбагандыгын билдирди. Муну митайымдык катары карасак болот. Эл өкүлү катары минтип сүйлөгөнү туура эмес. Факты менен тизип берсек, жыл башынан бери 24,5 чакырым жол салынды. 10у бюджеттик каражат, 14,5и инвестициялык проект менен курулду. Түндүк-Түштүк 2 км, Бишкек-Кара-Балта 5 км, Ош-Баткен-Исфана-Худжант 1,5 км, Ош-Баткен-Исфана 6 км салынды.

Жыл аягына чейин жалпы 363,4 чакырым жол салуу пландалган. Бюджеттен 126,6 км салынат, ичинде Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун 7 км бар, капиталдык салымдан 179,9 км салынат, ичинде Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават жолдору бар, инвестициялык проекти менен 75,5 км жол салынат, ичинде Түндүк-Түштүк 40 км, Бишкек-Кара-Балта 10 км, Ош-Баткен-Исфана-Худжант 5,5 км, Ош-Баткен-Исфана 20 км бар. Кодуранова муну көрүп турса да көрмөксөнгө салып, 1 чакырым жол салынбады дегени Кудайга жагабы?

А.Кодуранова кадр тандоо жагы президенттик аппаратта жүрүп жатканын, бул абал күчөгөнүн, эртең суракка алат, камайт деп тендерге эч ким кол койбойт жатканын билдириптир. Биринчиси, кадр тандоонун саясаты президенттик аппаратта жүрүп жаткан болсо, ал Атамбаевден калган мурас. Баардыгын Икрам чечип калбады беле. Ошол маалда эмнеге айткан эмес? Экинчиси, тендерлер өтүп, иш жылып жатат. Филармония оңдолуп бүттү. Тарых музейиндей ызы-чуу болгон жок. Кырдрам менен орус драма театрларына тендер жарыяланды.

Албетте, тендерди «кормушкага» айландыргандар жазаланыш керек. Кекиртеги бузуктар коркуп турушу зарыл. Так ушул тендер боюнча Атамбаевдин мезгилинде эмне деген иштер катталды. Бир эле мисалды алсак, Мамкаттоодогу чырлар далай жетекчинин башын жебеди беле. Ошол маалда каалагандай жеп-ичип көнгөн коррупционерлер азыр бир чекеден камалып жатат, бул эң туура. Эл кол доп жатат муну. Жылыш деп мына ушуну айтыш керек.

А.Кодуранова «Дача СУ» боюнча да пикирин билдирип, ошол кезде комиссия иштегенин, жүк Кыргызстанга түшмөк эместигин, ал «заправка» үчүн конгонун, АШАга тиешеси жоктугун айтыптыр. «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деп кыргыз бекер айткан эмес. Бул иш боюнча тергөө жаңы гана башталды, жакынкы күндөрү чындык ачыкка чыгат. Ага чейин күтө туралык. Шашылыштын кажети жок. Кыскасы, Кодуранованын пикири экс-президенттин шаштысы кетип, «агонияга» түшкөнүн ачып бериптир…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: