Menu

Фото – Министр Чыңгыз Айдарбеков балдардын социалдык мекемелерине барды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2019-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Чыңгыз Айдарбеков балдарды коргоо күнүнө карата кайрымдуулук акциясы менен К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатына барды. Иш-чарага ошондой эле Кыргызстандагы дипломатиялык корпустун дуайени, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджев, Чүй облусунун Панфилов районунун жетекчилери дагы катышты. Министр Ч.Айдарбеков мекеменин тиричилик шарттары менен таанышып, мекеменин материалдык камсыздоосу, астында турган көйгөйлөр жөнүндө маалымат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө, мектеп-интернаттын тарбиялануучуларына кайрылып, Ч.Айдарбеков аларды Балдарды коргоо күнү менен куттуктап, жаш муундун коомду жана мамлекетти куруудагы маанилүү ролун белгиледи, ошондой эле өздөрүн мектеп-интернатка жана мекеменин ишмердүүлүгүнө арнаган мугалимдерге ыраазылык билдирди.

Министр 150 комплект мектеп формасын сатып алуу үчүн мектепке 225 000 миң сом суммасындагы белек сертификатын тапшырды. Бул сумма Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык корпустун демөөрчүлүк каражаттарынан чогултулган.

Өз кезегинде мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жана окутуучу курамы КР ТИМине, ошондой эле дипкорпуска куттуктоолор жана алып келген белектери үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ушул эле күнү Министр Ч.Айдарбеков Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоонун Адистештирилген борборуна кайрымдуулук акциясы менен барды. Аталган борбордо төрөлгөндөн баштап 4 жашка чейинки жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган балдар тарбияланат.

Кайрымдуулук акциясынын жүрүшүндө, 55 комплект балдар шейшебин сатып алуу үчүн борбордун жетекчилигине 69 000 сом суммасында белек сертификаты тапшырылды. Бул сумма Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык корпустун демөөрчүлүк каражаттарынан чогултулган.

Маалымат үчүн: Ушул жылдын 21-мартында өткөрүлгөн кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеде чогултулган каражаттардын жалпы суммасы 519 миң 860 сомду түзөт. Бул каражаттар төмөнкү балдар социалдык мекемелерине бөлүштүрүлүп, таратылып берилди:

“Радость ребенка” кайрымдуулук фондуна, Ысык-Ата району; жетим балдар үчүн К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатына; дүлөй балдар үчүн Кара-Суу мектеп-интернатына; психикалык ден соолугу кечиккен балдар үчүн Төмөнкү-чүй баштапкы атайын мектеп- интернатына; Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоонун Адистештирилген борборуна.

2019-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жана кесиптик союзунун кызматкерлери, ошондой эле Ардактуу консулдар клубунун өкүлү Чүй облусунун Төмөнкү-чүй айылында жайгашкан психикалык ден соолугу кечиккен балдар үчүн баштапкы атайын мектеп-интернатка барып, “Радость ребенка” Коомдук кайрымдуулук фондунун астында кайрымдуулук акцияларды өткөрүштү. Ошондой эле белектерди тапшырып, 35 жарды жана «өзгөчө» балдары бар үй-бүлөлөргө эң керектүү азыктарды таратышты. Аталган каражаттар КРнын Ардактуу консулдарынын клубу тарабынан жана ушул жылдын 21-мартында Бишкек шаарында болуп өткөн дипломатиялык жарманкенин алкагында чогултулган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: