Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп жаңы шайланган Дастан Догоев кызматына киришип баштаган биринчи күнү эле, өзү жетектеген мамлекеттик мекеменин айлык маселесине кызыгып, ал жердеги жумушчулардын айлыгы аз экенин айтты. “Учурда иштеп жаткан ІТ адистери үчүн 2 миң доллар аз айлык” – деди Догоев. Албетте, кызматына жараша кыйынчылыктар болсо ага жараша айлык болгону дурус болоор. Ошентсе да, коомчулукта 2 миң доллардан дагы ашык айлык алуу бул “аппетитти” билдирет дегендей сындар менен карашууда.
“Мамлекеттик мекемелердеги адистердин баары кетүүдө, анткени жеке компанияларда айлык акы көп. Жеке тармакта ошол эле ІТ адистери эки эсе көп алый жатат. Эгер ушундай болуп жатса, бул тармакка адистерди кантип тартабыз, мамлекеттик башкаруу системасын кантип автоматташтырабыз? Чындыгында жеке тармакта 2 миң доллар – ІТ адистери үчүн аз айлык. Мисалы, Москвадагы алдыңкы компанияда иштеген ІТ адистери саатына 500 доллар алат, бизде болсо 5 долларга да жетпей жатпайбы. Анан кантип санариптештирүүнү ишке ашырабыз?” — дейт Догоев. Албетте, анын канчалык реалдуу экенин адистер айтканы туура болоор. Ошентсе да, Россия менен Кыргызстандын качантан бери салыштырып калганыбызды эстен чыгарбообуз керек.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ