Menu

Чодуев чоң убада берди, Мурашев моюндаар бекен?

Бөлүшүү:

Мурашевдин эле колтугунан чыгып, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине шайланган Эркинбек Чодуев ишке киришери менен системаны 50 пайызга өзгөртө турганын айтты. Ишенүүгө болобу, аны убакыт көрсөтөт. Ар бир келген министрдин биринчи убадасы ушундан башталып, аягы эмне менен бүткөнүн кыргыз саясатынын ар кыл жактары ачыктаган. “Бир топ кардиналдуу өзгөрүүлөр болот. Экспорт көйгөйүн колго алабыз, бул багытта атайын бөлүм ачылат. Ассоциациялардын башын бириктирип, чоң иштерди жургүзүүнү пландап жатабыз. Кайра иштетүү ишканаларын колго алабыз. Санариптик айыл чарба деген жаңы долбоорду сунуштап жатам. Азыркы системаны жок дегенде 50 пайызга өзгөртүп жатабыз. Министр болом деген бир топ жаштар чыкты, аларды расмий түрдө кызматташууга чакырам”, — деди Чодуев. Ал
эми мурдагы министр Мурашевге карата айтылган сын-пикирлерге жооп бере албасын, бирок өткөн жылдагы сатуудагы кемчиликтерде анын да жоопкерчилиги бар экенин моюндайт. Кызыгы, айыл чарбаны координалдуу өзгөртүугө алып барууну убадалап, сатууда эми кыйынчылыктар болбошу керек деген Чодуевге ишенсек, анда Мурашевдин эл тарабынан сындалып жаткан аракеттери Чодуев тараптан акталып, Мурашев чоң жоопкерчиликке тартылабы?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: