Menu

Алмаз Атамбаев 8-июнда “Форумдун” алдында коррупцияга каршы митинг уюштурат

Бөлүшүү:

Ишемби, 8-июнда саат 11.00.дө КСДПнын экс-төрагасы Алмаз Атамбаев өзүнүн жеке менчик “Форум” ишканасынын ( КР Жазуучулар союзунун 50 млн рублине өзүнө менчиктештирип алган ишканалардын бири) алдында “Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн” аталыштагы митинг өткөрөт.  Бул тууралу КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов социалдык тармактарда билдирүү таратууда.

“Коррупциянын эл гана токтото алат! Унчукпай турба! Митингке кел!” деп чакырат Алмаз Атамбаев.

Андан сырткары Атамбаевчилер Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо коррупциялык жол менен 111 млн доллар уурдаган деп айыпталып, абакта жаткан Сапар Исаковду, Кытай 2 мектеп салууга бөлгөн 2 млн долларды коррупциялык жол менен жеп алган деп соттолуп жаткан Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовду, “Дастан” заводунун торпедаларын Индияга сатууда коррупциялык кылмыш жасаган деп камалган Албек Ибраимовду жана мыйзамсыз байыган деп жакында эле кармалган Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевди бошотууну талап кылышат.

Митингге Алмаз Атамбаев жана анын тарапкерлери катышат экен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: