Menu

Эң жогорку айлыкты Бишкекте, Нарында алышат

Бөлүшүү:

Статистика боюнча улуттук комитетинин билдириш боюнча Улуттук банк аныктаган валюталардын расмий курсунун натыйжасында быйылкы жылдын январь-мартында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы АКШ акчасы менен алганда 225,2 долларды түздү.

Ал эми сом менен алганда 2019-жылдын январь-мартында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 15 716 сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 4,1 пайызга көбөйгөнү айтылууда. Мындай, орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы республиканын бардык региондорундагы ишканаларда жана уюмдарда болгон. Орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин олуттуу жогорулашы Талас (8,6 пайыз) жана Жалал-Абад облустарынын (4,4 пайыз), ошондой эле Ош шаарынын (5,2 пайыз) ишканаларында жана уюмдарында байкалган.

Эмгек акынын эң жогорку өлчөмү Бишкек шаары (20 403 сом), Нарын (15 346 сом), Чүй (14 476 сом) жана Жалал-Абад облустарынын (14 339 сом) кызматкерлеринде катталган.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: