Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуону кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы балдарды коргоо ишинде мамлекеттин аракетин колдоо боюнча Уюм менен жемиштүү кызматташтыкты канааттануу менен белгиледи.

Ал баса белгилегендей, бул маселеде артыкчылыктуу тармактар — бул балдардын тамактануусу жана саламаттыгы, кичине кезинен берки өнүгүүсү, мектептеги билимге жетүү жана анын сапаты, татаал турмуштук шарттагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү, анын ичинде зордук-зомбулуктардан дагы коргоо.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан БУУнун Туруктуу Өнүктүрүү максаттарынын ишке ашырылуусун колдогонун жана бийликтин бардык бутактарынын мамлекеттин мындан аркы туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого, анын ичинде балдардын абалын оңдоого болгон чечкиндүүлүгүн белгиледи.

Өлкөнү 2040-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында жогорку технологиялык медицина, бардыгына социалдык коргоонун минималдуу стандарттарын кепил кылган калкты толугу менен мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн толугу менен камсыздоо каралган.

Артыкчылыктуу багыттар катары Мамлекет башчысы энелердин өлүмүнүн 25 пайызга азайышы, балдардын жакыр турмушта жашоо көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү жана балдардын тамак-ашка жетпегенин жоюуну атады.

«Кыргызстандагы ар бир бала үй-бүлөлүк шартта жашап, чоңойушу керек. Мамлекет өлкөнүн келечектеги өнүгүүсү үчүн дени сак жана билимдүү балдары бар коомду түзүү үчүн бардык аракеттерди көрөт», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал ЮНИСЕФке үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда старт берилген балдарга карата зордук-зомбулукту токтотууга багытталган «Тумар» улуттук кампанияны биргелешип өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ушул жылдары аны менен жемиштүү кызматташкан мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте өз милдетин аткаруу ал үчүн жагымдуу болгонун белгиледи.

Ал Кыргызстанда балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо маселелердин өзөгүн түшүнүшөөрүн, ал эми аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча чечимдерди кабыл алып жаткан, өлкөнүн мамлекеттик негизги органдарында аялдардын болушу бул багыттагы мамлекеттик саясатты ийгиликтүү ишке ашырууга жардам бергенин канаатануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Юкиэ Мокуого ийгиликтерди каалап, жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: